Menu

Өзбекстанда Гүлнара Каримованын жарандык никедеги күйөөсүнүн фирмасы сатыкка коюлду

Бөлүшүү:

Өзбекстанда «Гранд» жеке радиостанциясына ээлик кылган «EDEL VEYS-ALI» фирмасынын 100 пайыздык үлүшү сатыкка коюлду.

Фирма карыздары жана мал-мүлкү менен кошо сатылат.

Жергиликтүү ММКлар билдиргендей, сатууда демпинг ыкмасы колдонулат. Анын наркы 4,1 миллиард сумга (480 миң доллар) бааланган. Аукцион 8-майда өтөт.

Буга чейин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын жарандык никедеги күйөөсү Рустам Мадумаров Гүлнаранын бизнесиндеги коррупциялык схемаларга аралашканын жана 2014-жылы узак мөөнөткө түрмөгө кесилгенин маалымдаган.

Швеция прокуратурасы Рустам Мадумаровду Өзбекстан рыногуна кирүү үчүн пара алууда Гүлнара Каримова менен ири телекоммуникациялык компаниялар арасында ортомчулук кылууга айыптаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: