Menu

Гүлжигит Исаков, блогер: “Каныбек Иманалиев менден кечирим сурады, ортодогу түшүнбөстүккө чекит коюлду”

Бөлүшүү:

– Гүлжигит мырза, алгач өзүң тууралуу тааныштыра кетсең?

– 39 жанггамын, үч балам бар. Жеке ишкерлик менен алектенем. Чет өлкөдө окуп, банкта, анан жеке ишканаларда иштегем. Чет өлкөдө жүргөндө диаспоралык иштер менен алектенгем. Кыргызстанда коомдук иштер менен ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенем. Түркиянын Анкара шаарынан менеджмент жана экономиканы окугам. Тарыхка, эл аралык саясатка кызыгам.

– Өткөндө «Ата Мекен» партиясы өткөргөн митингде Каныбек Иманалиев менен кер-мур айтышып, «Атамбаевдин провокатору» деп айтып чыкты эле, бүгүн кечиришипсиңер. «Улуттук кызыкчылыкты таамай коргоп келген жигит Гүлжигит Исаков менен кездешип, бири-бирибизди түшүнүштүк, кечириштик» деп өз баракчасына жазып чыкты…

– Каныбек Иманалиевге башында эле айткам, «чымыңды дөө кылып жиберди» деп. Мени жакшы эле таа-.нып туруп, «Атамбаевдин провокатору» деп жиберди. Жалаа жапканын айтып, кечирим суроосун талап кылдым. Кечирим сурады, бул маселе жабылды. Ортодогу түшүнбөстүккө чекит коюлду.

– Садыр Жапаровдун соту боюнча да чыркыраган чындыкты айтып жүрөсүң. Соттун чечимин кандай кабыл алдың?

– Садыр Жапаровго каршы кылмыш иши токулган. Ага каршы эч ким көрсөтмө берген деле эмес. Эмилбек Каптагаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катары барымтага алынган учурда Садыр Жапаровдун бул окуяга тиешеси жок экенин айтып келет. Демек, Садыр Жапаровго козголгон кылмыш иши негизсиз эле.

30-апрель күнү Жогорку сот жаңы кодекстерге ылайык эле ишти карап чыгып, болгону мурдагы адилетсиз чечимди 1,5 жылга кыскартып, ага 10 жыл берди. Башында эле Жапаровго каршы кылмыш ишин козгоодо «негиздердин» өзү негизсиз болгону юристтерге эле эмес, катардагы жарандарга деле маалым болчу. Ички сот инстанциялары толугу менен колдонулду. Жогорку сотко даттануу мүмкүнчүлүгү бар. Анда дагы
Жогорку сот адилетсиз чечимин күчүндө калтырса, анда Садыр Жапаровдун адвокаты эл аралык сотко кайрылуу укугунан пайдаланса болот.

Бул токулган кылмыш иши эл аралык сотко берилсе, Кыргыз Республикасы өтө ыңгайсыз абалда калат. Биз чет өлкөлөрдөн грант же насыя алып жатканда «өлкөбүз демократиялуу, адам укуктарына маани беребиз, сотторубуз адилеттүү» ж.б.у.с. нерселерди бетке карманабыз. Андай болбогону эл аралык сотторго кайрылганда ортого чыгат. Бул жагдай мамлекетибизди ыңгайсыз абалда калтырат. Кыргыз Республикасынын эл аралык аренада кол койгон бир топ келишимдери бар, демек, милдетгенмелери дагы бар. Аларды аткарбаганы ачыкка чыкканда, мамлекетибиз абдан ыңгайсыз абалда калат.

Эл аралык уюмдардан грант алып келген бейөкмөт уюмдардын Садыр Жапаровго негизсиз козголгон кылмыш ишине тийиштүү көңүл бурбай келгени дагы баса белгилей кетчү факт. Кыргыз Республикасы өз алдынча эгемендүү мамлекет, Канаданын бир провинциясы эмес.

Гүлжан Төрөбекова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: