2-майда Душанбе-Хожент-Чанак автожолунун өлкөнүн түндүгү менен борборду байланыштырып турган бөлүгүндө көчкү жүрдү.
IRS жол тейлөө компаниясынын маалымат катчысы Далер Абдулло окуя 2-майда саат эртең менен алтыда, жолдун 119-чакырымында болгонун билдирди. “Көчкүдөн улам 100 метрге чейинки жол талкаланган”,- деди ал.
Курмандыктар жок, бузулган жол кайрадан жасалат.
Учурда Душанбе-Хожент-Чанак автожолу убактылуу жабылды. Түштөн кийин жол бир тараптуу каттам үчүн ачылары күтүлүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ