Menu

Качкын Булатов, укук коргоочу: “Уранга каршы митингдин артында Куловдун кулагы көрүндү”

Бөлүшүү:

– Качкын байке, «Көлдө уран казууга каршы митингге чыккандардын артында бирөөлөр турат» деп айтып жатасыз, эмнеден улам мындай ойго келдиңиз?

– Патриот адамдарды деле активдештирген адам болот, ага сөзсүз каражат керек. Өзүнөн-өзү эч нерсе уюшпайт. Эл өзү акча чыгарбайт. Карапайым адамдар «уран каздырбайлы, чыгалы, мен 200 сом берем» демек беле? Сөзсүз артында бирөөлөр бар. Митингдерге чыккан жанагынча эл, плакаттар, транспоранттар, ушунун баарына каражат жумшалды. Өкмөт эч бир тоскоолдук кылган жок. Алар кенен-кесир аянтка чыгышты. Укук коргоочу катары ушунун баары мага кызык бодду да, ким турушу мүмкүндүгүн изилдеп, сураштырып көрдүм.

Угушумча, булардын башында Апаз Жумагулов, экс-депутат Валерий Диль урганы аныкпы? Куловдун дагы кулагы чыгып жатат. Кара-Балтадагы кайра иштетүүчү завод Апаз Жумагуловдуку экен, баласы ошол жерде директор экени айтылат. А азыркы митингге чыккандар ошолорго карама-каршы уюшкандар экен.

– Эмне үчүн бейөкмөт уюмдар болушу мүмкүн эмес?

– Бейөкмөт уюмдар биздеги уран маселесине баштарын оорутушпайт. Эгер алар болсо, алардын аты чыкмак. Азиза, Рита жүрдү, адар «биз акция уюштурдук» дешмек. Анан да бейөкмөт уюмдар уюштурса, эл аз чыкмак. Бул жерде массалык түрдө көп киши чыгып жатпайбы. Балыкчьщан бери жөө жүрүш менен келип атышат. Жөө жүрүшкө каражат көп кетет. Мен жөө жүрүш уюштурган адаммын. Эки киши менен жөө жүрүшкө чыксаң да, жол чыгымы, ичкен-жеген тамагы бар. Балким, мейманканаларга кондурушат. Ошон үчүн айтып жатам го, «ким каржылап атат?» деп. «Ислам мамлекети» деле террордук жардырууларды «биз кылдык» деп мойнуна алып жатышпайбы, анын сыңары, бул митингди деле «биз уюштурдук» деп ачык айтышы керек, коомчулук билиши керек го…

– Атамбаевчилер да «уранга каршы чыккандарга кошулабыз» дешкен да. «Артында Атамбаев турат» дегенге кошулбайсызбы?

– Уран кенин казганы жаткан «ЮрАзия» компаниясына лицензия берген, аны улам-улам узарттырган Атамбаев экени айтылып атат. Атамбаев күнөөкөр катары жоопкерчиликке тартылышын талап кылгандар да көбөйдү. Демек, Атамбаев лицензия бергени чын болсо, анда азыр митингге чыккандарды уюштуруп, өзүнө өзү ор казган болуп калабы?

Экинчиден, өкмөт айтып атат, «ЮрАзия» компаниясы уранды изилдеп, чалгындап чыкканга 271 млн. доллар сарптаптыр. Эми ал компаниянын лицензиясын тартьш алса, ошол каражатты Кыргызстан төлөп бериши зарыл болот. Төлөбөсө, чоң чатак чыгат. Алар эл аралык сотко беришет. Мунун аягы оңой токтобойт.

– Жогоруда «митингчилерге өкмөт тоскоолдук кылган жок» дедиңиз. Өкмөт колдоп жаткан болушу да мүмкүнбү?

– Тогуз-Торонун алтын комбинатын өкмөт уюштуруп турун эле өрттөтүп салды. Мен ал боюнча далилдеп чыктым. Өрттөгөн балдар ачык эле «24.ꧻ агенттигине, Акүй алдына улам чыгып, «биз өрттөйбүз» деп кыйкырып туруп алышкан. Канча арыз жаздым, бир дагы кылмыш иши ачылбай койду. Ал окуя бирдиктүү реестрге түшкөн. Өкмөт ошондо да изилдебей, тергебей койду. Жазага тартылган бирөө болбоду. Ал эми уран маселесинде көп иш жатат. Саясатка да айланып, шоу болуп кетти. Кандай бүтөрү белгисиз…

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: