Menu

Нур-Султанда жатакана өрттөнүп, 350дөн ашык киши эвакуацияланды

Бөлүшүү:

Нур-Султан шаарында жатаканадан өрт чыгып, 20 киши, анын ичинде 14 бала ууланып, ооруканага кайрылды.

2-май күнү таңкы саат 10:30да Байкоңур районундагы беш кабаттуу жатаканадан өрт чыкканы тууралуу өрт кызматына билдирүү түшкөн.

Куткаруучулар 32 кишини, анын ичинде 28 баланы өрттөнгөн имараттын ичинен алып чыккан. Жатаканадан 350 киши өз алдынча чыгууга үлгүргөн.

Өрт имараттын экинчи кабатындагы бөлмөлөрдүн биринде тутанган. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.

Окуя болгон жерге шаардын акими Бахыт Султанов келип, жашоочуларга жардам берүүнү, үйдү текшерип чыгуу үчүн комиссия жөнөтүүнү тапшырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: