Menu

Ташкентте түркиялык окумуштуу кармалды

Бөлүшүү:

Өзбек тарыхчылары жана илимпоздору менен жолугушууну пландаган түркиялык окумуштуу Чагатай Кучар 28-апрелде Ташкентте кармалды.

Күч түзүм кызматкерлери түркиялык конокту жана анын кызын “террорист” катары кармап, 70 жаштагы окумуштууну төрт саатка созулган сурактан кийин кое беришкени кабарланууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Кучарга эгер кандайдыр бир иш-чараларга катышса, 24 сааттын ичинде депортация болорун айтышкан. Ал Өзбекстанда 9-майга чейин жүрөт.

28-апрелде Чагатай Кучар менен жолугуушууга чогулган өзбекстандык окумуштуулар тарап кетүүгө аргасыз болушкан. Иш-чаранын уюштуруучусу, тарыхчы Анвар Назирдин айтымында, Чагатай Кучар Түркстан легионунун президенти Вали Каюмхандын архивдерин мурастап калган жана ушул материалдар жөнүндө айтып берүүнү пландаган.

– Чагатай Кучар Түркстан тарыхына тиешелүү бул сейрек материалдар тууралуу айтып берүүнү каалаган. Балким өзбек тарыхчыларына архивди пайдаланууга уруксат бермек. Анын Түркстан тарыхы тууралуу китеби түрк тилинде жарык көргөн жана китепти Өзбекстанда чыгаруу планы тууралуу сүйлөшүүнү каалаган. Биз эч кандай саясий талкуу жүргүзмөк эмеспиз, болгону тарых тууралуу пикир алышмакпыз. Бирок окумуштуу ресторанда тамактанып жатканда “паспортуңузда маселе бар” деген шылтоо менен алып кетишти, – деди Анвар Назир.

Чагатай Кучар жана анын кызы эмне себептен кармалганы тууралуу расмий маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: