Menu

Малика Арстанбекова, экс-премьер министр Сапар Исаковдун жубайы: “Жээнбеков Матраимовду Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына директор кылып дайындоосу гана калды”

Бөлүшүү:

Камакта жаткан экс-премьер министр Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекова: «Менин жолдошум ТЭЦ үчүн эмес, президенттин «сүймөнчүгүнө» каршы чыгып, бажы тармагын Матраимовдун схемасынан тазалоону баштаганы үчүн соттолуп жатканын эчак эле түшүнгөм. Сапар мага Сооронбай Шарипович инаугурациясына бир күн калганда бир нече жолу телефон чалып, менден Матраимовго тийбөөнү суранганын айткан. Сөзүн укпай койгону үчүн, балдарын, туугандарын, досторун көрбөй азабын тартып жатат. Биздин үй-бүлөнүн акчасы, өзгөчө мүлкү жок. Бир жыл өттү. Тергөөдө, сотто бир дагы далил табышкан жок. Ошол үчүн бизде үмүт бар болчу. Кечээки Матраимовдордун айланасындагы Жогорку Кеңештин депутаттары, спикер Дастан Жумабеков, вице-премьер Кубатбек Боронов баш болгон жоон топ жогорку кызматтагы чиновниктердин сүрөтүн көргөндөн кийин чындык, үмүт өлдү. Күчүбүз жетпей турганын билдик. Алар президенттин колдоосу болбосо Матраимовдордун иш-чарасына барышмак эмес. Жалпы эл коррупция менен күрөштүн чыныгы жүзүн көрүштү. Төрт айдан бери Сооронбай Шарипович Матраимовдун мүлкүн изилдетип бүтө элек. Мага кечинде бир таанышым: «Жээнбеков Матраимовду Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына директор кылып дайындоосу гана калды», – деп тамаша кылды. Бирок мен мындан ары да жолдошум, балдарым, үй-бүлөмдүн намысы үчүн күрөшө берем», -деп билдирүү таратты.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: