Menu

Суудан кургак чыккысы келген Ибраимов менен Кулматов

Бөлүшүү:

Коррупция беренеси менен камалган чиновниктердин соттук иштерине көз салууну улантып жатабыз. Башынан тизмектесек, 2018-жылдын январь айындагы ЖЭБдеги кырсык боюнча жүрүп жаткан соттук иш со-ңуна чыгып, 19-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда өкүм окулду. Анын жыйынтыгында А.Калиев 2 жыл 6 айга, У.Кыдырбаев 4 жылга, Н.Садыков 2 жыл 6 айга, Б.Боркоев 8 жылга, Т.Бримкулов 2 жыл 6 айга, Нурлан Өмүркул уулу 4жылга, Н.Курманбеков 4 жылга эркинен ажыратылып, айып пулдар салынган. Мамлекетке 3 миллион 212 миң 259 сом кайтармай болгон.

30-апрелде Ленин райондук сотунда мурдагы Бишкек шаарынын мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун соту болуп, анда эки өтүнүч каралды. Биринчиси «Дастан» ЖЧКсы тарабынан киргизилип, жабырлануучу катары таануу керектигин өтүнгөн. Айрым адвокаттар 7 жыл өткөндөн кийин чыга калганы туура эмес дешсе, А.Ибраимов: «Сатууга ким уруксат бергендигин аныктоо керек, акция бул өзүнчө кеп кыла турган нерсе, ага мүлктөр да кошулат. Ал сатуу мен башкармалыкка келе электе болгондугун билдирип койгум келет. Мен ага катышкан эмесмин. «Дастан» эл аралык корпорациясы пансионатты сатуудан чоң киреше алган» деп актанды. Тараптардын сөзүн уккандан кийин судья тыныгуу алып, жыйынтыгында четке какты. Андан кийин Васильевдин адвокаты ишти бөлүп кароону өтүнүп, кайрадан баардыгы пикирин билдиргенден кийин судья өз бөлмөсүнө кирип, аны канааттандырды. Ошону менен убакыт бүтүп, сот 2-майга жылдырылган.

Кечээ процесс уланып, кайра соттук иш өтүнүчтөрдөн башталды. Биринчиси коомдук жактоочу Токтайым Үмөталиеваны процесске аралаштыруу өтүнүчү киргизилди. Буга чейин коомдук жактоочу укугунан ажыратылган эле. Бир топ талаш-тартыш, кайым-айтышуулардан соң өтүнүч четке кагылды. Андан соң темир тор артындагы айыпталуучулардын мөөнөтүн узартуу маселеси каралып, бир топ кызыктуу ойлор айтылды. Адвокат С.Слесарев К.Кулматов менен А.Ибраимовдун бөгөт чарасынын мөөнөтү бир ай мурун өтүп кеткенин, ошондон бери мыйзамсыз кармалып турганын фактылар менен айтып өттү. Бардык тараптын пикирин уккандан кийин судья өз бөлмөсүнө кетип, камактагы мөөнөтүн эки айга узартты. Айтор, Ибраимов менен Кулматов суудан кургак чыгуунун жолдорун издеп убара болуп жаткандай…

Бүгүн, 3-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда НДС боюнча соттук иш уланат. Териштирүү кульминациялык чекитине жетип калды. Бирок, акыркы эки процесс адвокаттардын жоктугунан улам артка жылдырылган.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: