Menu

Өзбекстанда беш жаштагы кызды зордуктаган жаран 19 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Анжиян облусунун Пахтаабад райондук соту беш жаштагы кызды зордуктаган 31 жаштагы кишини 19 жылга түрмөгө кести.

Ал “Атайлап киши өлтүрүү” жана “Зордуктоо” беренелери боюнча айыптуу деп табылды.

Сот жараяны учурунда белгилүү болгондой, беш жаштагы кыз соттолгон кишинин үйүнө анын баласы менен ойноо үчүн келген. Үйдө эч ким жок болгондуктан, ал кызды зордуктап, думчуктуруп өлтүргөн. Кылмыш изин жашыруу үчүн кыздын сөөгүн синтетикалык капка салып, үйдүн ичиндеги жер төлөөнүн ичине көөм салган.

28-январь күнү кечинде ата-энеси кызды таппай калган, анын гөлөшүнүн бир түгөйү коңшусунун үйүнө түшүп калганын көрүшкөн. Андан соң милиция чакырышкан. Алар кыздын сөөгүн үйрөтүлгөн иттин жардамы менен табышкан.

Сотто айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ал адамга жат ишке барганын, шайтан азгырганын билдирди.

Соттун өкүмүнө ылайык, кылмышкер жазасынын эки жылын катаал режимдеги, андан кийинкилерин жалпы режимдеги колонияда өтөйт

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: