Menu

Санариптештирүү: Соттордо ийгиликтүү ишке киргизилип жатат

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү 2019-жыл өлкө башчысы тарабынан «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланган. Санариптештирүү бир гана экономика, бизнес, калктын калың катмарын гана эмес, сот тутумун дагы өзүнө камтый тургандыгы анык. Бул багытта сот тутуму дагы четте турбай, сот өндүрүшүн толугу менен электрондоштурууга бел байлады. Санариптештирүү бардык сот коомчулугуна жана соттордун бардык инстанциясына таасирин тийгизе тургандыгы белгилүү. Андыктан, сот тутуму тездик менен болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн артта калбашы керек.

2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерин, “Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” максаттуу программасын ишке ашыруу максатында жана ошондой эле сот системасын ачык-айкындуулук менен камсыз кылуу үчүн, бүгүнкү күндө сот жыйынынын жүрүшүн аудио-видео жаздыруу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Аталган система сотто катышуучулар тарабынан болгон бузууларды гана азайтпастан, күбөлөр менен шектүүлөрдү алыстан суракка алууга, аларды ташып келүүдөгү чыгымдарды азайтууга,жана сот өндүрүшүнүн ыкчам, жеткиликтүү жана ыңгайлуу болуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин маалыматына таянсак, республика боюнча 72 жергиликтүү соттор, 159 сот жыйындар залы болсо, анын ичинен 79 сот жыйындар залында аудио жана видео жаздыруу системасы орнотулган. Учурда республика боюнча система тесттик режимде иштеп, жыл соңуна чейин 52 сотко аудио жана видео жазуулар орнотулат.

Ушул жылдын аягына чейин Кыргызстандын ар бир сотторунда видеоконференция системасы ишке киргизилгени турат. Эми ар бир сотто республиканын башка жергиликтүү соттору жана жаза аткаруу мекемелери менен байланыштыра турган атайын жабдыктар орнотулган залдар жасалып, онлайн режиминде процесстерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айыпталып жаткан адамды сотко алып келбей эле убактылуу кармоочу жайдан, ал эми күбөлөрдү жана эксперттерди башка аймактардан чакыртып отурбай эле аралыктан видеоконференция аркылуу сурак алууга болот. Бул өз кезегинде соттук иштерди кароонун тездетилишин көбөйтүп, жарандар үчүн сот өндүрүшүнүн ыңгайлуулугу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Мындан тышкары, иштерди электрондук каттоо жана электрондук учеттук -статистикалык карталарды түзүү-соттун автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС), сот системасындагы соттордун ишинин натыйжалуулугун жана сапатын, сот системасындагы процесстердин ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Бул система сотко арыз берген учурдан баштап, анын ичинде бардык материалдарды, сот отурумундагы процесстик документтерди жана иш боюнча кабыл алынган соттук актыларды “электрондук ишти” түзүүнү карайт.

Белгилүү болгондой, автоматташтырылган маалымат системасы алгач 3 пилоттук сотто: Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда, Бишкек шаарынын райондор аралык соту жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда киргизилген болчу. Учурда автоматташтырылган маалымат системасы программасынын каттоо модулу республикадагы биринчи инстанциядагы бардык сотторго киргизилди.

Электрондук сот өндүрүшү сот адилеттигин жүзөгө ашырууга, мыйзамда каралган мөөнөттө ишти чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, бюрократиялык көрүнүштөрдү жоёт жана коррупцияга бөгөт коюлуп, сот системасынын ачык-айкындуулугун жүзөгө ашырат. Сот өндүрүшүнө катышкан тараптардын байланышын чектеп, жыйынтыгында соттордун ишинин натыйжалуулугу жогорулайт.

Дагы бир артыкчылык катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда ишти автоматтык бөлүштүрүү системасы ийгиликтүү колдонулуп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Бул системаны сот өндүрүшүндө колдонуу, сотко иш кабыл алынган күндөн баштап аны бөлүштүрүү, сот жараянын дайындоо жана сот актысы чыгып, жарыяланып, анан материалдар канцелярияга тапшырылганга чейинки процедуралардын
баары ачык-айкын катталып, соттордун өзүн-өзү көзөмөлдөөсүн камсыз кылат. Бул жерде ишти мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөтүндө кароо негңзсиз жылдырылса же сот жараяны атайылап создуктурулса, анда анын чыныгы себептери монитордон көрүнүп калат. Ишти кайсы судья карай турганын алдын ала билүүгө мүмкүн болбойт жана ага таасир этүүгө жол берилбейт. Бул жерде соттук иштер соттордун адистешүүсүнө жараша баарына бирдей, туура бөлүштүрүлүшү да маанилүү.

Сот системасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу багытында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бир катар иштер жасалууда. Айтсак, калкты сот ишмердүүлүгү боюнча маалымат менен камсыз кылуу максатында sot.kg интернет-сайты туруктуу түрдө иштеп, ал эми аct.sot.kg сайтында сот иштери, сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө маалымат жана соттук актылар жарыяланып турат. Аталган сайтта учурда 132123 соттук актылар жарыяланса, ушул жылдын биринчи кварталында эле 19381 соттук акт жайгаштырылган. Бул соттук актылардын абдан чоң базасы жана аны менен процесстин катышуучулары гана эмес, ар бир кызыккан тараптар жана жарандардын таанышууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бул соттордун ар бир соттук актыны чыгарууда болгон жоопкерчилигин жогорулатат.

Жаңы санариптик технологияларды колдонуу жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин эффективдүү коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, сот адилеттигине жетишүүдөгү ачык-айкындуулукту камсыздап, судьялардын арасында коррупциянын болушун азайтып, соттордун ишти кароосун тездетет. Сот тутумун реформалоонун алкагында жүргүзүлүп жаткан мындай иштер, өз жемишин берет деген терең ишеним бар.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: