Menu

Өкмөт менен Жогорку Кеңеш президентти “Райым миллионду” тандоого мажбурлап жатат…

Бөлүшүү:

Айталы, Акаевдин убагында “легендарлуу кошелек” Мурат Малабаев деген болгон.. Ал да Оштун Кара-Суусунан эле. Канчалык деңгээлде билими бар экенин билбейбиз, бирок өлкөдөгү кадр саясатына таасирин тийгизип, ал кездеги Майрам Акаевага портфелдеп акча ташыганы али күнчө айтылып жүрөт. Малабаевди да ал кездеги жоон топ депутат, министрлер жандап жүрчү. Эсибизде бары депутат болуп келип, бир ооз сөз сүйлөбөй, бирок акыркы үлгүдөгү жол тандабастарды минген. Бакиев учурунда болсо ар бир областта бирден “кошелек” пайда болгон. Атамбаев учурунан баштап, азыркы “кошелек” “Райым миллион”.

Бул кишинин феноменин канчалык айланып өтөлү десек да акыркы окуя Райым Матраимовго кайрылууга аргасыз кылып жатат. Ысык-Көл областында уранга каршы жалпы республикалык акция болду. Анын соңу Бишкекте уланып, уранга ууланбайлы деген акыл-эси бар, буту менен басып, мурду менен тынгандардын баары үн кошту. Эл көтөрүлдү. Дал ошол жалпы улуттук, мамлекеттик маселеге келгенде маани беришпей, дал ошол “Райым миллион” жана анын агасы Искендер Матраимов (жалпы эле “Матраимовдор кланы”) атасы Исмаил Матраимовго арнап уюштурган аймактык мааракеге парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков, орун басары Мирлан Бакиров, “Ата Мекен” фракциясынын лидерлери Алмамбет Шыкмаматов, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков баш болуп Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Руслан Казакбаев, Канатбек Исаев, Абдывахап Нурбаев, Улан Примов сыяктуу жыйырма чакты депутат, биринчи-вице премьер Кубатбек Боронов төш болуп, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлдөрү Узарбек Жылкыбаев менен Кыянбек Сатыбалдиев сыяктуу
аягы баскан жогорку кызматтагы чиновниктердин баары көчүп барышканы Кыргызстандын кожоюндары “Матраимовдордун кланы” окшойт детен күмөндүү жагдайга жем таштагг:. койду… Эми Матраимовдордун
сыйын көрүп, ашын жеп алгандар бажыдагы коррупция жана анын артында турган көмүскө кожоюн туралуу кантип ооз ачышмак эле. Кулкундун кулу болуп, “сөөк аңдыган иттей” шыйпаңдап жүрүшсө…

Кызыгы, Райым Матраимов “анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет” деген негизде 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кызматтан алган. Райым болсо 2018-жылы апрелде “мени негизсиз жумуштан алды” деп өкмөттү сотко берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду колдогон чечим чыгарган. Азыр иш шаардык сотто жатат. Анан Өкмөт Райым Матраимов менен соттошуп жатса, премьмер-министрдин биринчи орун басары Райымдын коногу болуп, чайын ичип жүргөнү кайсы логикага сыйсын. Өкүнүчтүүсү, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул жоругуна уялгандын ордуна: “Мен Райым Матраимовго эмес, Искендер Матраимовго баргам. Экинчиден, эс алуу күнү болчу, жеке сапарым”, – деп кимдин эмне иши бар дегенчелик бет тырмап отурат. Анан кантип жарыйбыз.

“Ишенген кожоң сууга акса алды-алдыңдан тал карма” болуп, Жанар Акаев, “Ардагерлерди куттуктап барганмын, эми ыңгайсыз болуп жатам” – деп актанып, “эми бир аз чыдап, күтүп койсок элдин нааразычылыгы токтойт” дегенди айтып акактап отурат. Ал эми Ахматбек Келдибеков Райым Матраимовду “Райым ата” деп маскара болду. Көпчүлүк, шылдың, келеке кылып бүтө элек. Дагы бир көңүлдү бурган жагдай, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов ишин таштап коюп, эмне кылып жүрөт? Элчилер эки жакка чыгаарда уруксат алыш керек эле да.

Коомчулукта “Райым Матраимовдун чайына келем деп уруксат сурадыбы, же айтпай-дебей ишин таштап баса бердиби” деген суроого жооп издегендер көп.

Бул жагдай президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгүнө көлөкө түшүрүп жаткан жалгыз ушул “Райым феномени” экенин тастыктады. Көптөн бери коомчулуктагы негизги сөз жана тема да дал ушул “Райым миллион”. “Качан камайт” деген маселе дамамат айтылып, жооп табылбай келген. Жооп табылды. Баары баш уруп турса, жоопкерчилик тууралуу айтуунун өзү өз колун өзү кесүүгө барабар да. Президент баш болуп “тиштери өтпөй” жаткандай бар экен… Демек, коррупция менен күрөш жөн гана элди алдоо, коомду будамайлоо экени билинип калды. Мына буга дейре “Райым миллиондун” мүлкүн текшергенден эмне майнап чыкты? Финполиция сыйпалап эч нерсе таба элек. Табышы да күмөн.

Арийне, бийлик коомдук пикир, мораль деген түшүнүктү эске албай жатат. Жогорку Кеңештин, өкмөттүн акыркы кадамдарын карап отуруп, булар президентке каршы иштеген расмий бийлик органы деп бүтүм чыгарууга коом даярдана баштады. Президент коррупция менен күрөшөм дейт, алар коррупционерлер менен чогуу жүрөт. Ойношот, тойлошот. Эгер мындай жол менен бара беришсе азыркы Жогору Кеңеш президенттин импичментин эртелетип, 2020-жылга жаңы президенттик шайлоо дайындатып берет… Башка болушу мүмкүн эмес. Президенттин алдында эки жол турат. Биринчи жолу Кыргызстан, экинчи жолу “Райым миллион”. Азыркы расмий өкмөт жана Жогорку Кеңеш президентти “Райым миллионду” тандоого мажбурлап жатат.

Алмаз Темир

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: