Бүгүн, 5-майда Москвадагы Шереметьево эл аралык аэропортунда Superjet 100 үлгүсүндөгү самолет күйүп кетти. Бул тууралу Орусиялык ЖМКлар билдиришүүдө. Аэрофлот авиакомпаниясынын Москва-Мурманск каттамы боюнча бортунда 78 адамы менен учуп чыккан самолету кайра артка кайрылып, борттон чыккан өрткө байланыштуу чукул конууга уруксат сураган. Конуу учурунда самолеттун куйрук жагы жалындап күйө баштаган. Самолет токтоору менен жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо башталып, айрым маалыматтар боюнча баары куткарылган, бирок, 10 адам күйүп кеткендиги тууралу да маалыматтар ЖМКлар аркылуу таркатылууда.
https://www.youtube.com/watch?v=8VXnINohRLM
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ