Menu

Санкт-Петербургда кыргызстандыктын өлүмүнө шектүү делген жаран кармалды

Бөлүшүү:

2019-жылдын 3-май күнү болжол менен саат экилер чамасында Россиянын ИИМдин Санкт-Петербург шаарынын Москва району боюнча башкармалыгынын 29 полициянын бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Санкт-Петербург шаарынын Яковлевск көчөсүндөгү №6 үйдө 25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү эркек адамдын
жансыз денеси жаткандыгын кабарлашкан. Каза болгон адам Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун тургуну, 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жаран болуп чыккан.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, тил келишпестиктин айынан чыккан чыр-чатактан белгисиз адам Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун тургуну, 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жарандын бет тарабына көптөгөн соккулардан улам алган жаракатынан каза болгондугу аныкталган. 2019-жылдын 3-май күнү аталган факты боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Санк-Петербург шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Москва району боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмүндө (Адам өлүмүнө алып келген атайылап ден соолукка зыян келтирүү ) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошол эле күнү кылмыштын изин суутпай жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелип Россия Федерациясынын  тургуну, 1992-жылды туулган М.М. аттуу жаран кармалган. М.М. аттуу жаран Санкт-Петербург шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камалды. Россиянын ИИМдин Башкы маалыматтык-аналитикалык борборунун маалыматы боюнча М.М. аттуу жаран мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Азыркы учурда, тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизаларды жүргүзгөн соң гана С.Б. аттуунун туугандары тарабынан “Жүк-200” кичи мекенине жөнөтүү маселелери чечилип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: