Menu

Эмомали Рахмон дыйкандарды башка мезгилде орозо кармоого чакырды

Бөлүшүү:

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө дыйкандарын орозону башка мезгилде кармоого чакырды.

Мамлекет башчы Рамазан айына карата жасаган телекайрылуусунда мусулмандар үчүн ыйык эсептелген бул ай быйыл өтө ысык учурга туш келгенин белгиледи. «Талаада иштеген же башка оор жумуштарды аткарган адамдар орозо кармаган учурда көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп, айрым учурларда бул алардын саламаттыгына коркунуч алып келиши мүмкүн», — деди президент.

Рахмондун айтымында, эгер дыйкан маңдай тери менен өстүргөн түшүм өз убагында жыйналбаса, анда айыл-чарба азыктары кымбаттап, бул ачарчылыкка да алып келиши мүмкүн. «Ислам диний аалымдарынын эмгектеринде жазылгандай, оор жумушта иштегендерге, анын ичинде дыйкандарга орозо кармабай коюуга уруксат берилет. Алар өздөрүнө ыңгайлуу болгон башка убакта орозо тутса болот», – деди мамлекет башчы.

Эмомали Рахмон мусулмандарды Рамазан айынын келиши менен куттуктап, бул айдын алдында өлкө базарларындагы баалардын жогорулап кетишин сынга алды.

«Дале болсо Рамазан айында жана майрам күндөрдүн алдында пайда көрүп калуу максатында бааларды жогорулатып жаткан учурлар байкалууда. Бул адамдардын маанайын бузуп, нааразылыктарды жаратууда. Мындай аракеттери менен соодагерлер өздөрүн гана эмес, туугандарын дагы ыйык айда бериле турган сооптордон кур калтырууда», – деди Рахмон.

​Быйыл Тажикстанда Рамазан айы бүгүн 6-майда башталды. Бул күнгө жакын өлкөдө эт, шекер, май, жер-жемиш, ун өндүү негизги азык-түлүк түрлөрү кымбаттап кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: