Гиссарда бир нече жигит өтө чоң көлөмдөгү жылаанды видеого тартып алышкан. Ал кишилерди чаккан эмес.
Видеодогу сүйлөшүүлөргө караганда, жылаандын узундугу бир жарым метрге жетет.
Тажикстан Илимдер академиясынын вице-президенти Абдусаттор Саидовдун айтымында, видеодогу гюрза болушу мүмкүн. Ал өлкөдө Кызыл китепке кирген беш уулу жылаандын бири болуп эсептелет. Ал чакса, киши өлүп калышы мүмкүн.
«Гюрзалар шалбаларда жана жайыттарда тараган. Эгер киши анын кокустан басып алса, чагып коюшу мүмкүн. Бирок жылаан биринчилерден болуп адамга кол салбайт», – деди Саидов.
Окумуштуу гюрза сойлоп жүрүүчүлөрдүн эң ири түрүнө кирерин, өлкөнүн ар кыл аймагында бар экенин билдирди. Анын узундугу эки метрден ашпайт.
Гюрза адатта кемирүүчүлөр менен тамактанат. Тажикстан үчүн эң негизги маселе – организмге кирген ууну алсыздатуучу же токтотуучу антидоттун жоктугу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ