Menu

Ыйык Рамазан айы кирип келди

Бөлүшүү:

Муфтияттын маалыматына ылайык, быйыл Орозо (Рамазан) айы 6-май күну башталат. Ооз багымдат намазына беш мүнөт калганда бекитилиши керек. Орозо (Рамазан) айы мусулмандар үчун ыйык деп эсептелип, Ислам дининин беш негиздеринин бири болуп саналат. Күн чыккандан күн батканга чейин орозо кармагандар оозуна наар албай, суу да ичпейт.

Орозо айында тамак-аш ичүүдөн, кудайга жакпаган иштерди жасоодон өзүн кармап, таңды күндүн чыгышына багышталган дубадан баштайт жана күндүзгү, кечки намаздарын жазбай окуйт.

Орозо таң заардан тартып күн батканга чейин созулат. Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот.

Орозо кимге милдеттүү?

Парз орозону бойго жеткен, акылы толук, бир жерде отурукташкан ар бир мусулман кишиси тутуусу милдет. Мусапырлар, жаш балдар жана орозодон үзүрү барлар андан бошотулат. Айызы келгенже төрөт канын көрүп жаткан аялдар убактылуу, каны токтогуча орозо кармашпайт. Рамазан бүткөн соң карыз күндөрүн тутушат.

Боюн да бар жана эмизип жаткан аял орозо тутабы? Бул анын ден соолугуна байланыштуу. Орозо кармоо менен өзүнө же баласына зыян тийгизүү коркунучу болсо орозо кармоо бул учурда болбойт, бирок кийин мүмкүнчүлүк болгондо кайра ошол күндөрдү карыз кылып тутуп берет.

Кармалбай калган орозону башка күнү тутуу Қуранда айтылган: «Ким оорулуу же мусапыр болсо башка айда ошончо күн орозо тутат» (Бакара сүрөсү, 185-аят). Карыз орозо да парз болуп эсептелет.

Орозону эмне бузат?

Орозону бузат, күндүзү:

• Атайылап бир нерсе жеш же ичиш

« Эрди катын жыныстык мамиле кылышы

• Атайын кусуу

• Аялдардын этек кири (хайз) келиши

• Аялдардын төрөттөн кийинки каны (нифас) келиши

• Атайылап урук суюктугун чыгаруу – истинмаа. Байкабай оозуна бирдеме алып, кийин эстеп кетсе дароо анысын оозунан чыгарып таштасын. Эгер унутуп жутуп же ичип алса да эч нерсе эмес. Бул үчүн орозосу бузулуп калбайт, орозосу туура эле болот, кийин каза же кафарат (штраф) төлөп бербейт,

Ким убактысы келди деп оозун ачып жиберсе же келе элек деп саарлык кылып жатып кийин билип калса
дароо токтотсун – бул ката кечирилет, орозосу дурус, каза жок.

Ким өзү каалабастан кузса казасы жок (орозосу туура эле болот), бирок атайылап кузса бул күндүк орозосу бузулат, оозу ачылат, ошону менен эле бирге кечке чейин эч нерсе жебейт-ичпейт, бирок ал күндүн кийин казасын тутуп берет. (Имам Ахмаддан келген хадис).

Орозону эмнелер бузбайт?

• Даарат алууда ооз-мурунду чайкоо (бирок сууну терең албаш керек).

• Ооз жапкан учурда жунуп абалында болуу (хадис Айша).

• Күндүз өз ыктыярсыз түшүркөп, урук суюктугунун агып калышы (ихтилам болуу).

• Ысып кеткенде ваннага жуунуу, душ алуу.

• Аялын өбуү, кучактоо (бирок эгер : дүүлүгүп кетип аялына жакындык кылып жиберүү коркунучу болсо анда өбүү жана кучактоо болбойт).

• Муктаждык болгондо этияттап балага тамагын чайнап берүү, тамактын даамын татуу.

• Атыр же крем колдонуу.

• Муктаждык болсо азык болбогон, күч-кубат бербеген дары алуу.

• Ооз жапкандан кийин тиште калып калган тамактын калдыктарын жутуп жиберүү.

• (Жаман сөз сүйлөө, сөгүнуү, ушак айтуу орозону бузбайт, бирок сообун азайтып, таптакыр жок кылып салышы мумкун)

Орозодо ток кармоочу тамактар

Орозодо саарлыкта айрымдар туура тамактанса, айрымдар кечки тамакты жылытып жеп алышат. Муну менен түшкө чейин эле курсагы ачып, орозосун ачып алгандар кездешпей койбойт. Ал эми туура тамактануу орозону туура жана жеңил кармоого башкы себеп болот.

Гречка

Бул дан азыгы витамин менен минералдарга бай. Башкадан азыктарына караганда курамында белок көп болгондуктан ачкалыкка жол бербейт. Ошондуктан гречкадан ботко жасап, ага куурулган тооктун сулп этин, шампиньон козу карынын кошуп, үстүнө бир аз соус куюп жеңиз.

Жумуртка

Бир жумуртка 70 калориядан жана 6 грамм протеинден турат. Жумурткадагы протеиндер башка калориялуу тамактарга караганда адамдын көп убакытка чейинток жүрүүсүнө эле эмес, кубаттуу болушуна да жардам берет. Ал үчүн саарлыкта дайым кайнатылган жумурткадан 2ни жеп туруу керек.

Шорпо

Шорпого суу көп кошулгандыктан аны ичүү менен адам өзүн күн бою ток сезет. Шорподон кийин десерттин да кажети жок болуп калат. Көбүнчө тоок этинен жасалган шорпого сельдерей, шпинат сыяктуу клетчаткага бай жашылчаларды кошуп ичкен туура.

Сулу акшагы

Мында да 4төн 7 граммга чейин протеин бар. Көпкө чейин ачкалыкты сезгиңиз келбесе, чоң чынынын жарымынан келген сулу акшагына сүт кошуп ботко абалындай кылып, мөмө-жемиштер менен ичсеңиз болот.

Айран

Айран бир эле учурда ток кармайт жана чаңкоодон сактайт. Ал микроэлементтерге, белокторго, витаминдерге бай. Айранга ашкөктөрдү кошуп ичсеңиз, оозду бекиткенден кийин тамак сиңирүү системаңызга оң таасир тийгизет.

Жаңгак

Анда бир топ клетчатка, протеин жана майлар бар. Грек жаңгагы, бадам, мисте абдан натыйжалуу. Бирок бир жегенде 30 граммдан ашык жебеңиз.

Балык

Балык токтукту эле камсыз кылбастан, организмди белокко толтуруп, зат алмашууну нормалдаштырат, кандагы холестеринди азайтат жана жүрөктүн, мээнин ишин жакшыртат. Эң пайдалуу сорттору – сёмга, лосось, минтай, треска.

Алма

Бир алма 80 калориядан турат. Ошондой эле курамында 4 грамм клетчатка жана көп өлчөмдө суу бар. Күнүгө саарлыкта тамактан кийин бир алма жеп койсоңуз, күн бою ачкалыкты сезбейсиз.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: