Menu

Ырыс Санат кызы, алып баруучу: “Радиодогу 1 сааттык эфир үчүн бир жума даярданам”

Бөлүшүү:

7-май радио күнү. Кесиптик майрамдын урматына АКИпресс маалымат агенттигинин кыргыз редакциясынын редактору, КТРКнын «Достук» радиосунун таңкы уктуруусунун алып баруучу Ырыс Санат кызы менен маектештик.

– Журналистика тармагына, радиого качан, кантип баш багып калдыңыз?

– Университетте алгач 5 жыл, андан кийин магистратурада журналистикада эмес, башка тармакта билим алганыма карабастан журналистика чөйрөсүндө жүргөнүмө 5 жылдан ашты. Илимий иштеримдин, макалаларымдын темасы да журналистика тармагына байланышпайт. Бирок так маалыматтарды элге ыкчам, объективдүү жеткирүү жумушу мага өтө кызык. Ошондуктан да бул чөйрөгө кызыгуум мектептеги кезимден эле башталды окшойт.

Биздин жумушта универсал болушубуз керек. Ушундан улам да өзүмдү кесипкөйлүк жактан өстүрүү максатында 2 жумушту: интернет сайтты жана радиону айкалыштыруу аракетиндемин, Негизинен биздин сайт — АКИпресс маалымат агенттиги чоң жана аудиториясы кенен болгондуктан күн-түндөп жумушка даяр турушубуз керек. Ал эми радиодо болсо 1 сааттык түз эфир үчүн мен 1 жума бою даярданып жүрөм, Мисалы, сүйлөгөн сөздөрүбүз, рубрикалардын тематикасы, аларга байланыштуу кызыктуу маалыматтарды топтоо, ошондой эле өзүңдүн үстүңдөн иштөө сыяктуу өтө көп милдеттер бар.

– Радиодогу уктурууларды даярдоо процесси, деги эле радиодогу жумушту сүрөттөп бересизби?

– Мисалы, биз 3-4 мүнөттүк рубриканы даярдоо үчүн алгач теманы алабыз. Биздики таңкы эфир болгондуктан угармандардын маанайын көтөргөн жагымдуу, кызыктуу маалыматтар камтылышы керек. Эфир кыргыз жана орус тилдеринде болуп, пайдалуу кеңештер, өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү жаңылыктар, ар түрдүү улуттарга байланышкан жаңылыктар, саякат, ашкана, автоунааларга байланыштуу жана башка багыттагы рубрикаларыбыз бар.

Ошондой эле түшкү эфирдеги «Ырдайлы достор, ырдайлы» уктуруусунда ырчыларыбыз түз эфирде ар улуттун ырларын аткарып бергени менен өзгөчөлөнөт. Мындан тышкары өрнөктүү эмгектенген ар улуттагы инсандарды даңазалаган, дүйнөдөгү улуттарга байланыштуу кызыктуу фактылар, маалыматтар айтылган уктуруулар берилет.

– Эфирдеги кызыктардан да айта кетсеңиз? Каталар да болуп турат эмеспи…

– Ооба. Эфир учурунда кээде үнүң чыкпай же каргылданып калат. Бул өтө ыңгайсыз учур. Мен түз эфирге чыккандан тарта өзүмө жакшы кам көрүп калдым. Муздак суу ичпей, суукта калып ооруп калуунун алдын алып, эфирдин алдында жакшы уктап эс алуу дегендей. Себеби биз өзүбүздү жакшы сезбесек, угармандарга жакшы атмосфера тартуулай албайбыз.

Ошондой эле сөздөрдү адашып, тамгасын кемитип же ашырып айтып алабыз. Бирок мен кыргыз тили боюнча пайдубалым мектептен тарта жакшы түптөлгөндүктөн эфирде кыргызча таза, так сүйлөгөндөн кыйналган жокмун.

– Эми өзүңүзгө байланыштуу маалыматтарды угалы?

– Өзүм болсо Нарындын Жумгал районунда төрөлүп, ошол жакта өскөм. Келечекте журналистика чөйрөсүндө пайдалуу иштерди жасап, аны менен катар билим жана кайрымдуулук боюнча долбоорлор менен иштешүү башкы максатым. Бул багыттагы пландар 3-4 жылдан бери акырындап аткарылып жатат.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: