Menu

Айнура Нурдинова, визажист: “Санитардык нормалар сакталбаса татуаждан оору жугат”

Бөлүшүү:

– Татуаж менен перманенттүү макияждын кандай айырмасы бар?

– Экөөнүн айырмасы деле жок дегендер чоң жаңылышат. Көрүнүшү, жасалуу техникасы боюнча да чоң айырма бар. Татуажда краска териге терең киргизилет. Ал 3-4 жыл кетпейт. Татуажды жасап жатканда кан менен иштейсиң, териден кадимкидей кан чыгат. Ал эми перманенттүү макияжда болсо краска теринин жогорку катмарына гана киргизилет. Кан чыкпайт. Жасалган каш да табигый көрүнүп, 1,5-2 жылда кетип калат. Аны атайын лазер менен өчүрүүнүн зарылчылыгы жок.

– Бул процедуралар ден соолукка терс таасирин тийгизеби?

– Краскалардын ден соолукка терс таасири деле жок. Анын үстүнө теринин жогорку катмарына гана жасалгандыктан териге да зыяны болбойт. Болгону краска гана теринин астында көпкө сакталат. Айымдар үчүн ыңгайлуу, кашы жокторго эң керектүү нерсе.

– Баалары кандай, айрым жерлерде кымбат айрым жерлерде арзан экен. Баалар сапатынан көз карандыбы?

– Баалар ар кандай. Ал жасаган мастердиң өзүнөн көз каранды. Аябай эле төмөн баа койгондор арзан материалдар менен иштеши мүмкүн. Кээде сулуулук салондун ижарасы үчүн да кымбат, болуп калышы мүмкүн. Кытайдан келген арзан краскалар арзан турат.

– Арзан краскалар ден соолукка зыянбы?

– Зыян деп айтпайм. Сапаты начар, кашта көпкө кармалбайт. Бат эле түсүн өзгөртүп кетет. Кээде аллергия кылышы да мүмкүн.

– Татуаждан оорулар жугат деген чынбы?

– Санитардык нормаларды сактабаса оорулар жугушу толук ыктмал. Ар бир адам кашын жасатканы келгенде колдонула турган буюмдардын жаңы ачылып жатканын текшерип, мурда колдонулбаган буюмдар экенине көзү жеткенден кийин гана жасатууга макул болуш керек. Эми бардык салондордо эле тазалыкка аябай көңүл бурат деп айта албайм. Кээ бир адамдар акчаны адамдын ден соолугунан да өйдө коюшу мүмкүн да. Ошондуктан ар бир адам өз ден соолугу үчүн кылдат болуп, барган жерден санитардык нормалардын сакталышын талап кылуусу шарт.

– Кандай адамдар татуаж жасатканга болбойт?

– Кош бойлууларга, кан оорусу менен ооругандарга, бала эмизгендерге татуаж жасатууга болбойт. Албетте сулуулук керек, бирок ден соолук, баланын ден соолугу андан да кымбат эмеспи. Ал эми кош бойлуу кезде боло берет дегендер эмнеге антип жатканын билбейм. Бирок татуаждын мыйзамы боюнча болбойт.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: