Menu

Жыргалбек Турускуловго түз суроо: Соттогу кылмыш ишиңизди жабууга канча каражат кетти?

Бөлүшүү:

Бул Жогорку Кеңештин VI чакырлышына өткөн депутаттардын көпчүлугү капчыктуулар, бизнесмендер экени эч кимге жашыруун эмес. Мына ошол капчыктар кандай бизнес менен кампайганы көпчүлүккө кызык болсо керек. Ошондой «тымызын» кампайткандардын бири «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты болуп келип, кийин интрига менен аталган фракцияга лидер болгон Жыргалбек Турускуловдун айрым «фокустары» тууралуу айтып кетсек туура болчудай. Жогорку Кеңештин электр тармагы боюнча маселе каралган отурумунда туруп алып: «Мен «Чыгышэлектр» компаниясында башкы директору болуп турганда кыйраткам, анткем-минткем, акылдуу эсептегичтерди мен ойлоп таап киргизгем» дегенге чейин барып, акылдуусунду эле. Оозуңду ачып бир сөз айтардан мурда алды-артыңды карада туурабы?

Ошол Турускулов айткан «Чыгышэлектр» акционердик коому өлкөбүздүн Ысык-Көл жана Нарын обулустарында электр тармагын жөндөй турган ишкана. Кайсыл бийлик же өкмөт келсе да мындагы жогорку кызмат орундары алардын көзүн кызыктырып, талашка түшөт. Ишти жөндөй алабы – жокпу кызыктырбайт, иши кылып өз киши болсо болду. Мына ошол көздү кызыктырган башкы директорлукка 2011-жылдын февраль айында Өмүрбек Бабановдун колдоосу менен Жыргал Турускулов Күрүчбекович дайындалат. 2010-жылкы парламенттик шайлоодо өз аймагынан жеткиликтүү добуш алып бере албаса дагы эңсеген «ээрине» минген эле. Өзүнүн кесиби экономист, соода-сатык менен шугулданып жүргөн, бир күн да мамлекеттик кызмат түгүл мамлекеттик мекемеде, эң кызыгы электр жаатында иштебеген Жыргалбек мырза ошентип креслого олтуруп калган эле. «Балык башынан сасыйт» дегендей өзү эптеп келген кызматка, эптеген тааныш кадрларды ала баштайт. Мына ошентип иштеп баштаган башкы директордун ишмердүүлүгүн КРнын Эсеп палатасы текшерген учурда компанияга 5 миллион сомдон ашык өлчөмүндө каржылык зыян келтирилген фактысы аныкталган. 2011-жылдын октябрь айында 10 000 (он миң) даана электр эсептегичтер (счетчик) сатылып алынат. Базар баасы 300 сомдон турган бир фазалуу счетчиктер 750 сомдон кириштелсе, 1000 сом турган үч фазалуу счетчик 2500 сомдон кириштелген. Кытайда жасалган счетчиктер компаниянын ичиндеги метрологиялык кызматтын атайын текшерүүсүнөн өтпөй эле кардарларга сунуштала берген. Адистердин айтымында алардын сапаты тиешелүү стандарттарга жооп бербейт жана Кытайдан контрабандалык жол менен ташылып келинген. Тиешелүү жабдуулары жоктугунан улам компания ящик, автомат жана пломба коюу үчүн ар бир счетчик үчүн кошумча 300 сомдон дагы чыгымга учураганы үчүн Турускуловдун иши сотко өткөн эле. Ошондо эле бул иш гезиттерге чыгып кылмыш иши козголгону козголуп, бирок “жабылуу аяк жабылуу бойдон калчу” эле, бул дагы “суудан кургак чыгат” окшобойбу деген божомолдору чындыкка дал келип Турускулов мырза минтип кыңыр иштерин акчанын күчү менен жаап бакыйган депутат, депутат эле эмес фракцияда лидер болуп олтурат. Анда эле суроону кезмеги келди көрүнөт. Суроолорубуз арбын, берип көрөлү балким жооп берип коет чыгаар:

—Жыргалбек мырза, сиздин «Чыгышэлектр» компаниясында башкы директор болуп турганда Нарындагы электр тармагына тиешелүү окуу полигонунун көмөк чордон, зым чубалгылары сыяктуу жана башка жабдууларын үйүңүзгө ташып кетип, 1,5 миллион сом чыгымга учуратканыңыз чынбы? Андай болгон эмес деп куран кармап айтып бере аласызбы? Ал иш боюнча иш козголду эле, соттук ишиңизди жабууга канча каражат кетти? Сиз 2015-жылкы шайлоодо өз аймагыңыздан жеткиликтүү добуш ала албасаңыз дагы Бабанов сизди депутат кылды эле. Жогорку Кеңештеги «Республика -Ата-Журт» фракциясынын лидерлигин интрига менен алганыңыз адамгерчиликтин кайсы түрүн Өмүрбек Бабановдун «этегине намаз окуп» жүрүп, ал качып кеткенден кийин кызмат үчүн артынан бычак урганыңыз эрдикпи? Эски «иштериңиз» жанданып калса кантесиз? Ошондой эле биздин сизге бере турган суроолорубуз көп, тайманбай жооп бере аласызбы?

Булак:  De – Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: