Жогорку Кеңештин төрүндө койкоңдогон Кожобек Рысбаев деген кокуй депутатта ар-намыс менен ариет деген ыйыктыктар наржакта турсун, жөнөкөй бир кызара турган бет жок экен. Эртең эл эмне дейт, небере-чөбөрөмдү кусуру урбайбы деген нерсе мээсинде таптакыр жашабайт окшойт. Канчадан бери карапайым элди каратып туруп какшатып жатат. Жакындагы Жоругун айтсак, уран казгандарды жата калып колдоп, «Уран бул акча, сиздин айлык, биздин айлык. Уранды сатпасак айлыкты кайдан алабыз» деген. Бир күн өтпөй тескери сүйлөп, жабыш керек дегендерди колдоп чыгыптыр. Кожокең ТЭЦти модернизациялоо боюнча кылмыштуу долбоорду дагы шашылыш ратификация кылып, кийин «колу-бутубузду кайрыган» деп какшап чыкканын билебиз. Бул саам дагы ошондой болгон жокпу? Айтор, мээси менен эмес, курсагы менен
ойлонгон арамзага жөнөкөй кептин жетиши кыйын экен. Айлакер Кожоке, эшиктен кирип «илибой» тешиктен чыгып кете берет экен го…
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ