Menu

Фото – Түркиядагы кыргыздар Изник шаарындагы «Кыргыздар күмбѳзүнүн» жанында эскерүү чараларын өткөрүштү

Бөлүшүү:

Үстүбүздѳгү жылдын 5-майында, Стамбул шаарындагы Маданият жана достук кыргыз Коому жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин жардамы менен уюштурулган Түркиянын Стамбул, Анкара, Бурса ж.б. шаарларында жашап жаткан кыргыз тургундары, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен Изник шаарындагы «Кыргыздар күмбѳзүнүн» жанында эскерүү чаралары өткөрүлдү. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын алкагында кыргыз жоокерлеринин арбагына багышталып куран окулду, кыргыздын улуттук тамак-аштарын даярдоо менен пикник жана улуттук спорттук оюндары уюштурулду.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Изник шаарынын Мэри Каган Мехмет Уста жана Изник районунун Башчысы Бюлент Байрактар менен жолугушуу ѳткѳдү.

Элчи К.Омуралиев Изник шаарынын Мэри К.М.Уста менен Изник тууралуу туристтик китепчелерде кыргыз жоокерлери жѳнүдѳ кененирээк маалыматты жайгаштыруу жана Талас менен Изник шаарларынын ортосундагы достук жана боордоштук мамилелердин кызматташтыгын бекемдөө зарылчылыгын билдиришти.

Тараптар 13-кылымдагы Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин урматына арналган илимий басылмаларды чыгаруу жана 2020-жылы Изник шаарында конференция ѳткѳрүү максатында, Кыргызстандын жана Түркиянын Бурса Университетиндеги тарых факультетинин негизиндеги тарыхчылардын биргелешкен изилдөөлѳрүн жүргүзүү боюнча макулдашууга келишти.

Маалымат катары:Изник шаары (эски аталышы-Никея) Стамбул шаарынын түштүгүнѳ 120 км. чакырым алстыкта жайгашкан. Учурдагы Изниктин аймагындагы үч кесилиш жолунда, жергиликтүү калкка «Кыргызлар тюрбеси» же болбосо 13-кылымдагы Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин эстелиги деп таанылган күмбѳз жайгашкан. Анадолу түрктөрү менен ийиндеше согушкан кыргыз жоокерлери күмбѳздү акыркы баш калкалаар жер катары табышкан. Алар биринчилерден болуп өткүз чепке кирип келгендиги үчүн, 13-кылымдын аягында Султан Осман Гази башкарып турган учурда жоокерлердин урматына күмбѳз курулган.

2000-жылдарда Түркиянын башкы башкаруу Фонду, аталган тарыхый эстеликти дээрлик кайрадан калыбына келтирген. 2006-жылдын октябрь айында Күмбөздүн жанына скульптор Т.Садыков тарабынан жасалган кыргыз баатырынын эстелиги тургузулган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: