Menu

Бишкекте ысык суу бир айга токтоду

Бөлүшүү:

6-майдан тартып Бишкекте ысык суу токтотулду. Мэриянын маалыматы боюнча, ысык суу жылуулук системасын оңдоо иштерине байланыштуу бир айга токтотулган. Анда айтылгандай, быйыл «Бишкек жылуулук» ишканасынын линиясы менен жаңы жылуулук трассалары орнотулат. Мындан тышкары Лев Толстой көчөсүндөгү көпурөнүн курулушун аяктоо зарылчылыгын белгилеген мэрия бул жылы оңдоо иштери жылдагыдан эрте башталганына түшүндүрмө берген. Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары ысык суунун бир айга токтотулушу Орозо айынын башына туш келгенин айтып, нааразы болушкан.

Бишкек шаарынын жетекчилиги жыл сайын май айында ремонт иштерине байланыштуу ысык сууну бир айга токтотот.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: