Испания курама коман дасынын жана «Реалд Мадрид» клубунун мурдагы оюнчусу, учурда «Порту» командасынын дарбазачысы Икер Касильяс инфаркт оорусуна кабылды. Бултууралуу «Порту» клубунун расмий баракчасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1-майда машыгуу учурунда Касильяс өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. «Дарбазачы учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын өмүрүнө коркунуч жарата турган эч нерсе жок», – деп айтылат маалыматта.
Айрым маалымат булактары Касильяс бул сезондун аягына чейин талаага чыкпай турганын жазышса, айрымдары легендарлуу дарбазачы таптакыр футбол менен кош айтышарын айтууда.
Ошол эле күнү кечинде Икер Касильяс өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына ооруканадагы сүрөтүн жүктөп, баары жакшы экенин белгилеген.
«Менде баары жакшы, алгач коркуп кеткеним менен азыр бир аз өзүмө келип калдым. Колдоо үчүн баарыңарга ыраазычылык» деп жазган дарбазачы.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ