Menu

Фото – Каман алптын урпагы, даңазалуу балбан Раатбек Санатбаев тирүү болгондо бүгүн 50 жашка чыкмак

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-майда атактуу балбан, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты балбаны аталган,  дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш байге уткан Раатбек Санатбаев көзү тирүү болгондо 50 жашка чыкмак.

Атактуу балбанды жакындан жакшы билген спорт журналисти  Кабыл Макешов ал тууралуу эскерет.

Каман алптын урпагы

Белгилүү балбан Раатбек Санатбаев 1969-жылы 7-майда Ош шаарында маданият кызматкеринин үй-бүлөдө туулган. Алар Нурлан, Раатбек, Орунбек, Бакытбек аттуу төрт уул,  Айсалкын, Акылай аттуу эки кыз бир тууган болгон. Атасы Калыбек Москвадагы С.А.Герасимов атындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография инстутутун бүтүп, Ош шаарындагы пединститутунда, Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында, маданият техникумунда иштеп, ВЛКСМ, Токтогул парктарынын директору болуп кызмат өтөгөн. Раатбектин атасы  да жаш кезинде күрөш менен машыккан.  Апасы, маркум Дилбар олбурлуу, карылуу, кайратту аял болуп, жубайы эрте каза болуп, алты баланы өстүрүп тарбиялоо милдетин моюнга алган. Ошондой эле Раатбектин чоң атасы Санатбай бүткүл түштүк аймагына таанымал улакчы, эр эңишке, күрөшкө түшкөн балбан болгон. Балбандык ата бабаларынан өтүп, Санатбай жапайы каманды өлтүрүп, Каман алп деген каймана атка да ээ болгон экен.  Раатбектин таятасы Калы да узун бойлуу, кең далылуу,өндүү-түстүү, эмгекчил, карылуу адам болгон. Раатбектин таятасы жашынан тамеки тердирип, чөп чаптырып, эмгекчил, мээнеткеч кылып тарбиялап, үлгү көрсөткөн.

Талантты тапкан Тапанча палван

Раатбек бала кезинде сүрөттү мыкты тартып, келечекте сүрөтчү болууну кыялданчу. Күрөшкө кызыктырган классташы Нурмамбет болуп, атактуу балбан, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, маркум “Тапанча палван”-  Ибрагим Узаков  күрөш сырларын 3-классынан баштап үйрөткөн. Ал Раатбектен келечекте мыкты балбан чыгаарына үмүт кылып, 6-классты бүткөндө Бишкек шаарындагы Н.Крупская атындагы (учурда Ш. Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайы) жатак спорт мектебине алып келип, чоң спорттогу жолун ачкан. Аны Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, маркум Петр Цапля машыктыра баштап, күрөш сырларын ыкмаларын терең үйрөтөт. Раатбектин дүйнөлүк деңгээлдеги балбан болушуна казак устаттары Даулет Турлыханов менен Эржан Ахметов, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Алмазбек Касенов да зор салым кошкон.

Чоң спортко жол ачкан Ташкент

Спорт мектебин аяктаган Раатбек Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна кабыл алынып, аны Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Василий Баканач машыктырып, даңазалуу балбан болушуна зор салым кошуп, күрөш сырларын терең үйрөткөн. Ал Раатбек баштаган балбандарды 1987-жылы грек-рим күрөшү боюнча Ташкент шаарында өткөн Советтер Союзунун баатыры Сабир Рахимовдун ысымына арналган турнирге алып барган. Бул мелдеште Раатбек финалга чейин жетип, экинчи орунга татып, “СССР спорт чебери” деген наамдын талабын аткарган.  Бул турнир чоң спортко жолун ачкан.

Сүйүүсүн арнаган Сайра

Раатбек студент кезинде эле Эстонияда жоокердик милдетин аткарып келип, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтундагы окуусун улантып, Дене тарбия жана спорт машыктыруучусу деген кесиптин ээси болот. Ушул окуу жайда окуп, кол тобу боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер командасынын мүчөсү болгон Сайрага 1992-жылы үйлөнүп, аларга Нурлан деген досу күйөө жолдош болгон. Алар 12 жыл бирге жашап, Бексултан, Даулет, Асема аттуу уул-кыздуу болушкан.

Өмүрлүк жары Сайра  маркум Раатбек тууралуу мындай деп эскерет: “Анын турган турпатын, сүйлөгөнүн, күлгөнүн, баарын жан дилимден сүйгөм. Ал ушунчалык ак көңүл, жан дүйнөсү таза, кичипейил, сыпайы адам эле. Чындыгында бизде башкалардай болуп казан-аяк кагышкан учурлар болгон жок.  Бир аз таарынган учурларым болгону менен бат эле жазылып кетчүмүн. Анткени, 12 жыл бирге жашаганыбыз менен, санай келгенде төрт-беш жыл гана чогуу жашадык деп ойлойм. Ал көбүнчө машыгууда, мелдештерде жүрүп, бизге убактысын аз бөлчү. Балдар аны сагынып, кусага батканда сүрөттөрүн колдон түшүрбөй калышчу. Раатбек үйгө келгенде алгач чочуркашып, анан белектерин көргөн соң моюнуна асылып калышчу”.

Былтыр тун уулу Бексултан үйлөнүп, казактын атактуу балбаны, Раатбектин кан досу, Азия күрөш федерациясынын президенти Даулет Турлыхановду өкүл ата, Даулеттин жубайы, Казакстандын гандбол федерациясынын президенти Гүлнараны өкүл апа шайлап, үйлөнүү тоюуна Азиянын 20 өлкөсүнүн күрөш федерацияларынын президенттери, жетекчилери ардактуу мейман катары катышып, Раатбекти эскеришип, жаш үй-бүлөгө каалоо-тилектерин айтышкан.  Маркум Раатбек менен Даулеттин достугу кыргыз-казак элине бир туугандыктын үлгүсү, өрнөгү болуп калды. Билимге умтулган Раатбек кийин Кыргыз-Славян университетин да аяктаган.

Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, бизнесте да алектенип келаткан.

XX кылымдын эң мыкты балбаны

Раатбек Санатбаев эл аралык деңгээлдеги турнирлерди 12 ирет утуп, дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип, Азия оюндарында эки ирет финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болгон. Азиянын эки жолку чемпиону болуп, эки жолу күмүш, бир ирет коло байге уткан. Ал Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон.

– Раатбектин спорттогу ийгиликтери учурунда жогору бааланып, “Даңк” медалы, Улуттук олимпиадалык комитеттин “Алтын ордени”,  Кыргыз Ресубликасынын Ардак граматоталары менен сыйланган. Ал Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты балбан деп таанылып, урмат-сыйга арзыган. Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты болгон. Казакстандын “Кайсар” медалы менен да сыйланган. Кыргызстандын 10 жолку чемпиону аталып, 8 жолу “жылдын мыкты балбаны” деп урмат-сыйга бөлөнгөн.  1996-жылы Атланта, 2000-жылы Сидней олимпиадалык оюндарынын ачылыш аземинде Кыргыз  туусун көтөрүп чыккан.  1998-1999-жылдары FILA рейтинги боюнча планетанын мыкты балбандарынын үчилтигине кирген. Абдан аракетчил, мээнеткеч, кичипейли, адамкерчиликтүү жигит эле,- деп эскерет Кыргызстандын Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргыз Республикасынын Дене тарбия, спортуна эмгек сиңирген кызматкер Шаршен Касенов.

Достукту баалаган Раатбек

Раатбек достукка абдан бекем болуп, досторун кадырлай билген. Казактын даңазалуу балбаны Даулет менен достугун жогоруда айттык. Атланта олимпиадасынын чемпиону Юрий Мельниченко, Кыргыздын таанымал жигиттери  маркум Баяман Эркинбаев, белгилүү устат Эмил Алыкулов, маркум Кабыл Карымшаков,  Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов , Максат Эгембердиев, Тазабек Икрамов,  эстрада жылдыздары Сыймык Бейшекеев, Мерген Турган,  спорт ишмерлери Анарбек Садыров, Болот Сулайманов, белгилүү ырчылар Майра Керим кызы, Роза Аманова менен достук мамиледе болгон. Жазуучу эжелери Меңди Мамазаирова менен Рабиха Алыбаева менен да жакшы ынак, бир туугандай мамиледе эле.

Каргашалуу түн

2006-жылдын 8-январынын түнүдө кыргыз эли, спорт дүйнөсү үчүн оор жоготууга учурап, борбордун 7-кичирайонундагы Орунбек Санатбаевдин үйүнүн жанындагы күркөлөрдүн биринен таттуу азыктарын алып, бейкапар чыгып келе жаткан Раатбекке бейтааныш адамдар бир нече жолу ок чыгарышкан. Ошентип спортчу кырчындай 36 жаш курагында ооруканага жетпей каза табат. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө 10-январда коюлган.

Атын атаса куту сүйүнөт

Раатбектин ысымы Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районундагы спорт комплексине жана балдар спорт мектебине, Жалал-Абад шаарындагы 9-орто мектепке, балдар спорт мектебине ыйгарылган. Ар жыл сайын Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык турнир өткөрүлүп келүүдө.  Жубайы Сайра Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинде окуу-тарбия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүрөт. Улуу уулу Бексултан Кыргыз Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери. Экинчи уулу Даулет  ишкерлик менен алектенет. Кызы Асема 9-класстын окуучусу.

Көзү тирүү кезинде Раатбек Санатбаев менен көп ирет кездешип, спорт тууралуу далай маек курчу элек. Бир ирет Санатбаев кыргыз спортун көтөрүү үчүн элет спортуна көңүл буруу керектигин айтып берген эле:

– Биринчи кезекте айыл спортуна, элеттик жаштарга өзгөчө көңүл буруп, атайын программа кабыл алып, район, шаар жана айыл өкмөт башчыларын милдеттендирип койсо, кыргыз спортунун тамыры, келечеги айылда. Таланттуу жаштардын багы ачылбай келүүдө. Дене тарбия, спорт тууралуу мыйзам да чийки. Ага толуктоолорду киргизүү керек_ деген эле Раатбек.

Берилбей калган наам

 Раатбек Санатбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры деген эң жогорку наамды, “Ак-Шумкар” өзгөчө белгисин ыйгаруу сунушун Жогорку Кеңештин  экс-депутат Камчыбек Ташиев тарабынан демилгеленип, аны “Ар-намыс” фракциясы да колдогону менен бул наам берилбей калган. Аттиң арман, эгерде тирүү болгондо Кыргыз спортун көтөрүүгө зор салым кошмок…

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: