Menu

Өзбекстанда “алдамчылык” фактылары боюнча арыздар кабыл алынбай калды

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана карапайым жарандар укук коргоо органдары алдамчылык фактылары боюнча жарандардан түшкөн арыздарды каттоону токтотконун билдиришүүдө. Бул өлкөдөгү кылмыштуулук боюнча статистиканы жакшыртуу максатында жасалып жатканы айтылууда.

– Учурда биздин колубузда 100 миллион сумга тете адамчылык фактылары жана денеге оор зыян келтирүүгө байланыштуу арыздар бар. Бирок биздин жетекчибиз арыздарды кабыл алууга уруксат бербей жатат. Жогору жактагылар кылмыштуулуктун саны азайганы тууралуу президентке маалымат берип, аны алдоого аракет жасашууда, – деди Ташкент шаарынын ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн биринин инспектору.

Өзбекстанда “Алдамчылык, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн алдап же ишенимине кирип тартып алуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылгандар элүүдөн жүз минималдык айлык эсептик көрсөткүчкө чейин айыппулга жыгылат же сегиз жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.

Өзбекстан ИИМинин өкүлү инспекторлордун маалыматын тастыктады. Ал алдамчылык фактылары боюнча арыздарды кабыл алуудан баш тартуу президенттин буйругуна байланыштуу экенин билдирди. Буга чейин Мирзиёев ИИМ жана прокуратура жетекчилигине кайрылып, өлкөдө кылмыштуулуктун санын азайтууну тапшырып, болбосо жумуштан кетирерин айткан.

Ташкент жана Наманган облустарынын тургундары дагы ички иштер органдары алдамчылык фактылары боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартып жатканына даттанышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: