Menu

“Коммерсантъ” SSJ-100 учагынын кырсыкташына учкучтардын аракети себеп болушу мүмкүн

Бөлүшүү:

41 адамдын өмүрүн алган “Сухой Супержет” учагынын “Шереметьево” аэропортунда кырсыкка учурашына учкучтардын аракети себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Коммерсантъ” гезити эксперттерге шилтеме берүү менен билдирүүдө.

Басылмага маек бергендер авариялык конууга жана күйүп кетүүгө алып келген бир нече катачылыктарды аташкан. Алардын биринчиси – учкучтардын чагылгандуу фронт менен учушу, экинчиси – чагылган тийип, автоматика иштебей калгандан кийин дароо конуу тууралуу чечим кабыл алуу. Учкучтар абада бир нече саат кармалып, күйүүчү майды коротуп, андан кийин консо, жоготуулардын алдын алууга мүмкүн болмок деген пикирлер бар.

Эксперттер учкучтар тикелей төмөндөө ылдамдыгын ашырып жибергенин, буга байланыштуу учак жерге катуу тийгенин айтышууда.

Жерде бир нече жолу секирген учакты турукташтырууга мүмкүн болгон эмес, бактан май чачырап, өрт чыккан. Учак жерге катуу тийгенде артта отурган жүргүнчүлөр жаракат алып, өз алдынча салондон чыгып кете алышкан эмес, деп жазды “Коммерсантъ”.

Кырсыкка учактын жерге катуу конушу жана учкучтардын катачылыктары турткү болгону тууралуу расмий билдирүү болгон жок. Эл аралык авиакомитеттин эксперттери 6-майдан тарта кара кутудагы жазууну иликтей башташты.

Күйүп кеткен учакты Тергөө комитетинин кызматкерлери да карап чыгышты. Тергөөчүлөр учкучтардын аракетинен тышкары учакты тейлеген диспетчерлердин жана механиктердин ишин дагы иликтөөдө.

5-майда Москвадан Мурманскиге жөнөгөн кезде кырсыкка кабылган “Sukhoi Superjet” учагында бараткан 78 кишинин 41и каза тапкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: