Жакын арада коомдук талкууга Кыргыз Республкасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык Мыйзамага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын долбоору сунушталат. Мыйзамдын долбоорун “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев иштеп чыкты.
Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңеште элдин калың катмарынын кызыкчылыктарын коргогон өкүлдөрдүн катышуусун бекитүү максатында жана мыйзам бийлигинде бир-эки саясий топтун монополистик үстөмдүгүн болтурбоо жана Жогорку Кеңештин депутатарын мандаттарын алууга катышуу үчүн саясий партияларга шайлоочулардын добушун 9 пайыздан 5 пайызга түшүрүү сунушталып атат.
Ошондой эле, Мыйзамдын долбоорунда 3 төн 5 пайызга чейинки шайлоочулардын добушун алган саясий партияларга атайын квота – 5 депутаттык мандатты – бекитип берүү сунушталып жатат. Б.Төрөбаев 60-100 миң шайлоочулардын добушун алган партиялардын парламентке кирбей калышын акыйкатчылыкка дал келбейт деп эсептейт.
Мыйзамдын долбоорунда айтылуу “административдик ресурсту” пайдаланууну болтурбоо механизмин бекитүү боюнча сунуштар каралган. Административдик ресурсту пайдалануу – бул шайлоо убагында аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын кызмат адамдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилеринин кадрдык, финансылык, материалдык-техникалык, медиалык, институциялык ресурстарды белгилүү бир талапкердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн белгилүү бир саясий партиянын кызыкчылыктарында колдонуу болуп эсептелет.
Мыйзамдын долбоорунда аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баардыгы болуп 26 иш-чарасын жүргүзүүгө тыюу салуу сунушталып атат. Мисалы, бийликтин бул иш-аракеттерине тыюу салынат: шайлоо өнөктүгүнүн убагында, же анын алдында жаӊы же кошумча жеӊилдиктерди жана башка социалдык төлөмдөрдү киргизүү; шайлоо өнөктүгүнүн алдында, же анын убагында мамлекеттик сектордо эмгек акыларды көбөйтүү; талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын активисттерине жана шайлоо штабдарынын мүчөлөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоо өнөктүгүнүн башка катышуучуларына тикелей же көмүскө басым көрсөтүү жана башкалар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ