Menu

Фото – БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында “Аялдар согушта: эрдик жана баатырдык” аталыштагы фотокөргөзмө ачылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-майда БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында 9-май Улуу жеңиш күнүнө арналган “Аялдар согушта: эрдик жана баатырдык” деген аталыштагы фотокөргөзмөнүн расмий ачылыш аземи болду. Көргөзмөнү мурдагы Советтер Союзунун бир катар мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлчүлүктөрү уюштурушту.

Фотокөргөзмөнүн салтанаттуу ачылышына  БУУнун Башкы катчысы А. Гутерриш,  БУУга мүчө-мамлекеттердин  Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана БУУнун секретариатынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.

Көргөзмөнү ачуу аземинин жүрүшүндө көргөзмөнү уюштуруучу-мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүнүн атынан куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева чыкты.

М.Молдоисаева куттуктоо сөзүндө, Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарындагы аялдардын баатырдыгы жана эрктүүлүгү, улутчулдук менен күрөшүүдө  алардын ролу жана кошкон салымы тууралуу айтып өттү.

Көргөзмөгө келген коноктор менен бирге улутчулдукка каршы күрөшүп,  ааламда тынчтыкты орнотуу үчүн жанын кыйгандарды эскерүү үчүн бир мүнөттүк аза күтүү болду.

Мындан тышкары көргөзмөнүн ачылыш аземинде куттуктоо сөзү менен БУУнун Башкы катчысы А.Гуттериш чыгып сүйлөдү жана улутчулдукка каршы жеңишке жетишкен аялдардын эрдигин баса белгиледи.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө уюштуруучу өлкөлөр согуш жылдарында жеңишке жетүүдө аялдардын баатырдыгын чагылдырган сүрөттөргө келгендердин көңүлүн бурушту.

Атап айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Буудагы Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан даярдалган тактада Экинчи дүйнөлүк согушта Кыргызстандын аялдарынын баатырдыгы жана эрдиги, тылдагы аялдардын жеңишке кошкон салымдары чагылдырылган. Мындан тышкары, тактада Ленинград блокадасынан келген 150 баланы асырап алган Токтогон Алтыбасарованын эрдиги баса белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: