Menu

Помпео Берлинге сапарын токтотуп, Багдадга барды

Бөлүшүү:

7-май кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео алдын ала жарыяланбаган сапары менен Иракка барды. Бул тууралуу Reuters, France Press маалымат агенттиктери, ошондой эле араб маалымат каражаттары Ирак өкмөтүндөгү өз булактарына таянып кабарлашты.

Расмий түрдө Помпеонун Багдадга баргандыгы азырынча ырастала элек. Булактардын билдиришинче, бул сапар тууралуу маалыматтын берилбей жатышы — коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгына жана сапардын алкагында талкуулана турган маселелерге байланыштуу.

7-майда Мамлекеттик департаменттин башчысы Берлинге сапарын күтүүсүздөн токтотуп койгон. Анда АКШнын Германиядагы элчилиги бул сапар башка зарыл иштерге байланыштуу кийинкиге жылдырылганын билдирген.

Күн мурун Помпео Финляндияда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан. Шаршембиде анын Лондонго барары кабарланган. Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, АКШнын мамлекеттик катчысы 14-майда Сочиге барат.

Помпеонун Иракка жасаган күтүүсүз сапары Иран тараптан жаралган коркунучтун деңгээли жогорулагандыгы тууралуу билдирүүлөргө байланыштуу болушу мүмкүн. Дүйшөмбү күнү АКШнын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Перс булуңундагы аймакка авиаташуучу кеме, Жакынкы Чыгышка кошумча аскер ресурстары жөнөтүлө турганын билдирген.

«Америка үнү» радиосунун Пентагонго шилтеме кылып билдиргенине караганда, мекеме «иран аскерлери менен түрдүү майда топтор аймактагы америкалык аскерлерге карата ыктымал кол салууга даярдык көрүп жаткандыгы тууралуу» билдирүүлөрдү алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: