Menu

Бөдөш Мамырова, ЖКнын мурдагы вице-спикери: “Мурдагы бийликтин “былыктарынын” азабын эми Жээнбеков тартып жатат”

Бөлүшүү:

-Бөдөш Аманбаевна, жакын арада эле уран маселесинин тегерегинде чоң чыр чыкты. Сиз дагы үн катып койбойсузбу?

– Уранды изилдөөнү дагы, иштетүүнү дагы токтотуу жөнүндө Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Өкмөт да толук колдоо менен макулдугун берди. Уран тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков дагы: “Кыргызстан бул таза суу, таза аба, таза экологиянын өлкөсү. Мындай таза табиятты көздүн карегиндей сактоо ар бирибиздин милдетибиз, аны бузганга жол бербейбиз”- деп, өз оюн билдирди. Бул өтө жакшы көрүнүш.

– Демек, бийлик уран кенин казууну токтотууга толук кудурети жетти десек болобу?

– Чындыгында Кыргызстандагыдай таза табият, кооз жаратылышы, өзгөчө экологиясы бар, жаратылыш байлыктарына бай өлкө өтө сейрек. Мына ошол кен байлыктардын ичинен уранды изилдөө жана иштетүүнүн айланасындагы эл тарабынан көтөрүлгөн нааразычылыктын негизинде, бүгүнкү күндө бийликтин үч бутагы биргеликте чечим кабыл алып, мыйзамсыз берилген лицензия артка кайтарылды. Бул коомчулуктун пикирин эске алуу. Бийликке демек, элдин таасири бар. Мындан ары жаратылыш байлыктары элдин кызыкчылыгына гана пайдаланып, адамзатка терс таасир калтырбаш керек. Башкача айтканда, “бийликтин дагы, байлыктын дагы ээси – эл” деген пикир бекемделди.

– Уран кенин каздык дейли, анын Кыргызстанга эмнеге кереги бар?

– Жалпыга маалым болгондой, уран өтө жогорку көлөмдөгү радиоактивдүү зат. Негизинен уран эки максатта колдонулат: атомдук электр станцияга жана согуштук (военный) техника жасоого. Ошол жааттан алып караганда, жеке өзүбүзгө анын зарылчылыгы жок, уранды кайра иштетип пайдалана турган кубаттуу өнөр-жай (завод ) ишканалар болбогондон кийин. Ошондуктан башка мамлекеттердин пайдасына макулдук берүү менен жомоктогудай таза табиятыбызды бузуп, адамдардын ден-соолугуна оор зыян алып келүү, бул акылга сыйбай турган иш. Ошол эле мезгилде жеке кызыкчылык үчүн элди садага чабуу же болбосо табиятка болгон кыянатчылык – келечекке болгон сокку. Уранды казып алгандан дагы, кайра иштетүүдөгү зыяны абдан жогору. Анткени уранды бөлүп алуу үчүн абдан көп химиялык элементтер колдонулат. Андан дагы анын калдыгы кайда жашырылат, көмүлгөн боюнча терс таасири жок кыймылдабай түбөлүк жатат деп ким кепилдик берет? Ансыз деле ушул мезгилге чейинки калдыктар бүгүнкү күндө чоң көйгөйгө айланып турган мезгил. Ал эми урандын калдыгы өтө жогорку фондогу радиоактивдүү калдык катары өзгөчө технологиялар стандарт менен сакталыш керек. Бул абдан чоң жоопкерчиликтүү, ошол эле убакта чоң суммада акча каражатын талап кылат.

– Уран кенин казууга лицензипны Убактылуу өкмөттүн “лөктөрү” бергени айтылууда. Кимдер экенин уккан жоксузбу?

– Көлөмү боюнча дүйнөдө жетинчи орунда турган “Кумтөр” алтын кенинен алган пайдабыздан тарткан зыяныбыз көп болуп атканда уранга макулдук берүү – бул кыргыз элине, мамлекетине болгон чыккынчылык деп айтаар элем. Демек, лицензия бергендер, бул иштин башында тургандар мыйзам алдында жооп берип, укуктук баасын алыш керек. Белгилүү болгондой, уранды казып алууга лицензия 2010-жылы 18-ноябрда Убактылуу өкмөттүн (Р.Отунбаева) убагында “Юразия” фирмасына берилиптир. Массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматка караганда “Юразия” фирмасынын кожоюндарынын бири Роза Отунбаеванын сиңдисинин кызы менен күйөө баласы экен. Демек булар бир жарым жылдык мөөнөттө урандын эбин тапканга үлгүргөн күйөө бала, сиңдилер дагы бир мөөнөт олтуруп калса ТЭЦтин деле авторлору болмок окшойт экен. Лицензия кийин 2011-жылы кайра узартылган. Учугун чубап олтурса Отунбаевага эжекеге барып такалып жатат. Мынакей “мурункунун мазесин, кийинки тартсын азабын” дегендей, эки экс-президент, жети өкмөттөн калган азапты коомчулук түп көтөрүлө каршылык көрсөтүп атып, маселени туура көтөргөндүктөн, Өкмөт, ЖК бүгүнкү күндө туура чечим кабыл алып, жакшы кадам таштады.

– Демек, уранды казууга токтотконго президент Жээнбеков туура кадам таштады…

– Туптуура. Эгемендикти алгандан бери алгачкы жолу элдин пикири менен эсептешкен, кыргыз элинин кызыкчылыгына жараша бийлик тарабынан кабыл алынган чечим болду десем жаңылбайм го. Анткени далай жолу эл толкун, ал тургай өлүмгө баштарын байлап атып деле жерибизди алдырып, кенибизди каздырып “аттиң” деп бармак тиштеп отуруп калбадык беле? Ошол жааттан алып караганда уран боюнча биргелешип кабыл алынган чечим элдин пикири менен эсептешкен кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын көздөгөн маанилүү чечим болду.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: