Алай районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Арын Маманов 102 жашында Жеңиш майрамына жетпей каза тапты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Алай районунун акими Замир Молдокулов, орун басары, айыл вкмөт башчылары жана аксакалдар катышты.
Арын Маманов 1917-жылы төрөлүп, 1939-жылы аскерге чакырылып. Мннск жана Санкт-Петербург шаарларында кызмат өтөгөн. Андан сон 1941-жылы Улуу Ата Мекендпк согушка катышып, Сталинград шаарына дейре салгылашып. андан сон Фин согушуна дагы аралашып, 1946-жылга чейин Францияда болгон.
Маркум 1946-жылы Мекенине кайтып келген. Анын 4 уул, 4 кыз, 32 небереси артында калды.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ