Menu

Атаханов менен Табалдиев өз чындыгын айтышы керек!

Бөлүшүү:

Батукаевди абактан чыгарып, өз мекенине узатуу маселеси боюнча ошол кездеги күч тармактары боюнча вице-премьер министр Шамиль Атаханов менен ошол учурда УКМКны жетектеп турган Бусурманкул Табалдиевдин орду өзгөчө чоң экени айтылып келет. Чынында экөө тең ошол кезде ушул Батукаевдин чыгып кетиши боюнча кызматтарынан айрылышкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин кутман курак жашына келип калышса да, Батукаевдин чыгып кетишине өздөрү кандай салым кошушканын, ортодо канча акча ойногонун ачык айтыша элек. Тим эле, бул маселеге эч тиешеси жок таза адамдай жүрүшөт. Абийирлерине камчы салбаса, Кудай үчүн деле болгонун болгондой айтышса болмок. Акчаны кимдер алганы, деги эле чечендер Батукаев үчүн канча “жашылбайларды” беришкени да ачыкка чыгышы керек. Кудай бар, мунун баары эртеби-кечпи ачыкталат. ТЭЦ суукта жарылгандай, Батукаев маселеси да бир күнү жарылат. Ошондо чыныгы күнөөлүүлөр Кыргызстандан качып кетүү амалын ойлоп, жандалбасташы да толук мүмкүн. Баса, Кыргызстандан алып кетмекчи болуп, “Манас” аэропортунда эки күн күткөн учак Атахановдун баласы экендиги, ал кызмат үчүн Батукаевдин кишилери 200 миң доллар төлөшкөндүгү да эч кимге жашыруун болбой калган. Бирок Атаханов мунун баарын жалганга чыгарганга канча жанталашса да, тиешелүү деңгээлдеги далилдерди кантип жокко чыгара алат?

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: