Menu

Аткаруучулар тутулду. Буйрук бергендер унутулабы?!

Бөлүшүү:

Белгилүү болгондой криминалдык төбөл Азис Батукаевди 2013-жылы бир топ чиновниктер Нарында ден-соолугу мыкты болуп турганда эле, “рак экен, өлгөнү жатат”- деген шылтоо менен аэропорттун VІР залы менен өз мекенине укмуш узатып жиберишкен. Бул кылмыш иши чуулдап барып, басаңдап калган болчу. Быйыл Башкы прокуратура жылдын башында кылмыш ишин кайра жандантып, ишти тергеп баштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө онкологиялык оорулар боюнча балдар дарыгери, профессор, Онкология жана гематология борборунун директорунун мурунку орун басары Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цоп камакка алынды. Чынында бул эки адам аткаруучулар. Батукаевди абактан чыгаргандардын ана башында ошол кездеги УКМК төрагасы, вице-премьер, Акыйкатчы, министр Башкы прокурор, Нарын шаардык сотунун судьясы сыяктуулар турат. Эмне алар чындап эле унутта калып жатабы? Эмне үчүн бул кылмыш ишиндеги эки аткаруучуну камакка алышты? Деги тергөө калыс жүрүп жатабы? Кеп мына ушунда…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: