Menu

Темирбек Асанбеков, “Мекен-Ынтымагы” партиясынын лидери: “Кызыл-Омполдун ураны Россия үчүн кичинекей эле долбоор, ага илешип, кадыр-баркын түшүргүлөрү келбейт”

Бөлүшүү:

Мекен-Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков менен уран кендерин өздөштүрүү маселесинин тегерегинде сүйлештүк.

– Темирбек мырза, премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев уран кенин чалгындоого лицензия бергендердин атын атап, бирок, эмнеге ал жерде кайсы президенттин кандай кызыкчылыгы болгонун ачык айткан жок?

– Мамлекет башчылары атайылап, билип туруп кыргыз элине жаманчылык каалап, кылмышка тете ишке барды дегенден алысмын. Бул маселе биздин бийлик институттарындагы мамлекеттик ишмерлердин сабатсыздыгынан келип чыккан маселе деп ойлойм. Премьер-министр уран маселесине байланыштуу улам күчөп бараткан жаңжалды токтотуу багытында жакшы кадамдарды жасады. Эми чыныгы күнөөкөрлөрдү, саясый жетекчилердин ысымын жарыялап, адилетгүүлүктү күтүп жаткан элди ынандырып, аларды жазага тартууга эрки, кайраты жетер, жетпесин көрсөткөнчө күтө туралы.

– Россия Кыргызстандагы уранды казууга кызыкдар дешет. Ошон үчүн азыркы бийлик Путиндин айтканын аткарууга аргасыз 6олот, уран казууга каршы чыга албайт”- деген пикирлерди айткандар арбын боло баштады. Ишенсек болобу?

– Мындай сөздөргө маани берүүнүн кажети жок. Россия азыр эл аралык саясаттагы даражасына күмөн санаткысы келбейт. Ошондуктан, алар үчүн бул кичинекей долбоор, биздин өкмөттүн шалаакылыган келип чыккан келишим. Эми кыргыз тарап, күнөөсүн моюнуна алып, дипломатия жолу менен маселени чечиши керек.

– Негизи, эгерде уран кенин казуу биротоло токтотулбаса, мунун кесепети “Кумтөрдөн” да жаман болобу?

– Ысык-Көл дүйнө суктанган биосфералык аймак. Эми мындан ары да ошол наамга татыктуу болуп, эл аралык деңгээлдеги экологиялык өзгөчө даражага ээ экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Ошондуктан, уран кенин иштетүү маселеси, аткаруу институттарынын күн тартибинде да таптакыр каралбашы керек. Болбосо, биз эл аралык саясаттагы милдетин аткарбаган, экологиясын коргобогон, сый урматы жок өлкө катарына кошулабыз. Ал эми уран кендерин иштетүү багытында боло турган потенциалдуу экологиялык коркунучтар баардык окумуштууларга, эксперттерге белгилүү.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: