Menu

Орозонун организмге пайдалуу жактарын изилдеген япон окумуштуусу

Бөлүшүү:

Үч жыл мурун япониялык окумуштуу Ёсинори Осуми орозо кармоо ден-соолукка пайдалуу экендигин далилдеп, Нобель сыйлыгына татыганы маалым.

Япониянын молекулярдык биологу, окумуштуусу Ёсинори Осуми физиология жана медицина тармагында аутофагия механизмдерин изилдегени үчүн мындай дүйнөлүк абройлуу сыйдыкка татыктуу болгон. Осуми Токио технологиялык институтунда иштейт. Аутофагия – бул организмдеги керексиз клеткалардын кайра иштетилүү жана тазалануу процесси. Грек тилинен алынып, «өзүн-өзү жеген» деп которулат. Аутофагия процесси тууралуу окумуштуулар өткөн кылымдын 60-жылдарында эле кабардар болушкан, бирок анын иштөө механизмин толугу менен түшүнө алышкан эмес. Ал эми биз сөз кылып жаткан окумуштуу Осуми изилдөө ишинин жыйынтыгында бул процесс үчүн жооп бере турган гендерди да таап чыккан.

Ёсинори Осуминин ачылышына таянсак, клеткалардагы «таштанды заттар» атайын «аутофагосома» деген капка чогулуп, лизосома контейнерине жайгашат. Лизосомада таштанды заттар өзүнөн өзү жок болот же кайра иштетилет. Кайра иштетилген заттар жаңы клеткалардын пайда болуусу үчүн «куруучу блок» кызматын аткарат. Аутофагиянын аркасында организм түрдүү инфекциялар менен токсиндерден кутулат. Бул пайдалуу процесс организм стрессти сезгенде, мисалы, ачка болгондо интенсивдүү түрдө иштей баштайт. Аутофагиянын жардамы менен клетка ар кандай токсиндерден жана ага түшкөн жугуштуу ылаңдан тазаланат. Мындан улам ачка болуу же орозо кармоо ден-соолукка пайдалуу экендиги, бул учурда организм толугу менен тазаланары Нобелдик комитет табарынан тастыкталган.

Ёсинори Осуми 1945-жылы туулган. Ал медицина багыты боюнча 107-лауреаты болуп эсептелет.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: