Menu

Аралдыктардын арыз-муңун ким чечет?

Бөлүшүү:

Түп районунун Арал айыл аймагынын тургундары бир нече жолу бизге кайрылышып, айылдагы ар түрдүү нааразылыктарды айтышкан. Арасында айылдык кеңештин депутаттары да бар болчу.

Андыктан, биз аларга “нааразылыкты өз ара чечишип, ынтымакка келип, айылыңардын өнүгүшү үчүн иштешиңерди каалайбыз” деген кыязда оюбузду айтып узатканбыз. Бирок, өкүнүчтүүсү, алар ынтымакка келе алган жок. Дагы эле бүтпөгөн арыздануулар уланууда.

Биздин баамыбызда аталган айыл аймагында депутаттар айыл аймак башчысын шайлагандар жана ага каршы чыккандар болуп эки тарапка бөлүнүп калган. Ал эми, Арал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Мамытов аларды бириктирип, ынтымакташтыра албай жаткандай.

Биз аталган айылга барганда, тургундардын кай бири почточу жакшы иштээрин айтышкан. Алардын бири Күкүн Касымбаева да ушундай оюн билдирип, майып баласы бар экенин, бирок, айыл өкмөттөн ага карата эч кандай жардам берилбестигин кошумчалаган.

Арал айылдык кеңешинин депутаты Насипкүл Амасбаева Бактыбек Мамытов өзүнө тарапташ депутаттар, айыл башчылар менен биригип алып, ар кандай чагымчылдык иштерди уюштуруп жатканын айтат. Депутаттардын суроо-талабына так маалыматтарды бербей, ар кандай шылтоолор менен ачык-айкындыкты камсыз кылбайт дейт. “Мен Арал айылдык кеңешинин төрайымы болуп иштегениме бир жылдан ашты. Элдин атынан келгенден кийин элдин кызыкчылыгын коргошубуз керек. Андыктан, жакшылап иштейин деп ойлогом. Бирок, ушундай саясый оюндар бар экенин билбептирмин. Мен шайлоодо Бакыт Орозкулович менен кошо чыккан Момоев Айти деген жаш талапкерди колдогом. Беш айылдан турган Арал аймагынын элдеринин: “качанга чейин эски адам шайлана берет, жаңы, жаш талапкерлерди колдоп, системаны жаңыласаңар” дегендей суроо-талаптарын эске алып, 11 депутаттын бешөөсү Момоев Айтини колдоп бергенбиз. Ага чейин “мен силер мененмин” деген аксакалыбыз шайлоо боло турган күнү Мамытовду колдоп, 6-5 добуш менен Мамытов утуп чыккан. Кийин 6-3 добуш менен мен айылдык кеңешке төрайым болуп калдым. Бирок, айыл аймак башчысы менен иштеше албай келебиз. Ал бизге өзү каалагандай мамиле жасайт. Ким ага каршы сүйлөсө эле анын аркасынан түшүп атат. Сессия өтүүгө тоскоолдук кылат. Мени да төрайымдыктан кетирем деп жүрөт. 6 депутаттын бирөөсү кудасы, бирөөсү досунун баласы. Алар да элдин эмес, айыл аймак башчысынын таламын эле талашып келет”,-деп билдирди.

Тургундар айыл өкмөттөн ижарага жер ала албастыгын, Мамытов өзү болсо бир катар жерлерди иштетип жатканын да айтышкан.

Ал эми, Арал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Мамытов почточуга карата кай бир тургундардвн оозеки кайрылуулар болгонун айтат. Ал 2000-жылдан бери айыл аймак башчысы болуп иштээрин, ошол убакыт ичинде көп эле алга жылуулар болгонун белгилейт. “Мен бул кызматта иштеген жылдары 5 айылга
таза суу киргиздик, Кош-Дөбө, Сары-Дөбө айылына мектеп салынды. Учурда 5 мектепте ысык тамак берилет. Көп жумуштар бүттү. Мен эч кимди куугунтуктаганым жок. Мыйзам чегинде иш кылам. Менин үстүмөн арызданып жаткан депутат Бакыт Асановго 2004-жылы 2 гектар 65 сотых үлүш жер бергенбиз. Көрсө, Ананьеводо да 1996-жылы берилген жери бар экен. Мен жерди өзүңүз өткөрүп бериңиз десем, мага каршы чыгып атат. Ал эми, Айбек деген бала ижарага жер ала албай жатам деп жатпайбы. Ага 2013-жылы 1 гектар жер 5 жылга берилиптир. Касымбаева Гүкүн деген эжеге мечиттен акча сурап, жардам берген күн болгон. Майып баласына 2014-жылы үлүш жер берилген. Булар жөн эле мага каршы иш уюштуруп жатышат”,-деп билдирди.

Жергиликтүүлөр кийин бизге байланышып, Арал айыл аймагынын Кош-Дөбө айылындагы алма бак Мамытовдун колу менен 49 жылга арендага берилип кеткенин, мыйзамсыз сатылган жерлер бар экенин, айылда жер тартыштыгы абдан күчөгөнүн, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 2 млн. сомдон ашык акчага келген электр насосу иштебей турганын, бир катар арыздар прокуратурага жазылганын айтышты. Алар элдин талабы билимдүү, жаңы, технология тилин түшүнгөн, жаш айыл аймак башчысы зарыл болуп турат дешет.

Айтор, ушундай көп сөздөр айтылып бизге байланышкан тургундардын сөзүнөн кийин 28 жыл иштеген жетекчи элди жадатканбы, же өзү билемдиги күчөп кеткенби деген ойлор жаралды. Себеби, эмнеге ушунча жылдан бери быйыл мынча ызы-чуу чыгып жатат?

Чындыгында, айыл өкмөт башчы элдин ынтымагын сакташы керек эле. Депутаттар менен тил табышып, биргелешип иштешүү, айылдагы көйгөйлөрдү чечүү анын милдети эмеспи. Анан минтип “атка минерлер” ынтымактан кетип турган жерде кантип өнүгүү болот? Алар антип турса, башкалар кайда барат дагы, кимге арыз-муңун айтат? Бул майда маселе эмес, чоң көйгөй. Себеби, мында 5 айылдын элинин ынтымагы да бар. Андыктан, биз бул боюнча Түп районунун акими Жантаев Элчибек жыйынтык чыгарат го деген ойдобуз.

Жумагүл Барктабасова

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: