«Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду бизнесмен Жалил Атамбаев 50 миллион сомго сотко бергени, бул көрүнүш коомчулукту козгоп, сөз эркиндигине басым катары баалана баштаганда «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кескин бурулуш жасады. Алтынбек мырза кабарчынын коргоочусу катары Жалил Атамбаев менен сүйлөшүп, доосун алдырууга көндүрүп, эки ортодон өзүнө саясый упай алды. Азамат! Чыныгы саясатчылар гана журналисттердин таламын талашып, элге жакын болот. Дал ушул көрүнүш менен Сулайманов «суу кечирип», коомчулук астында арканды алыс ыргыткан инсан катары бааланууда. Бул да болсо пиар өнөктүгүнүн бир түрү, аныгында, парламенттик шайлоо жакындап келатпайбы…
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ