Menu

Мурат Суталинов: “Соттун адилеттүү чыгарган чечимине ыраазымын”

Бөлүшүү:

7-май күнү Бишкек шаардык соту УКМКнын мурдагы жетекчиси, генерал Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу чечимин кабыл алды. Ал күнү саат он чамаларында генералдын жакын туугандары, тарапташтары Бишкек шаардык сотуна чогулуп, «Мураттын соттук отуруму эми дагы бир себептерден улам ары жылбай, бүгүн эле адилеттүү чечим чыгарып, абактан бошотуп берсе экен» деген изги тилек менен келишкен. Арасында эң жакын туугандарынан Мураттын атасы, генерал Абдыбек Суталинов, Мураттын жубайы Гүлнара, уулу Мансур, Черси, кызы Дарья жана генерал Элмурза Сатыбалдиев, ЖК депутаты Исхак Масалиев ж.б. аттуу-баштуу кыргыз элине таанымал адамдар келген эле. Бишкек шаардык соту «Мурат Суталинов абактан бошотулсун» деген чечимди окуур замат шатыра-шатман кол чабуулар менен коштолуп, зал толтура эл бири-бирин куттуктап, сүйүнүчтүн, кубанычтын ысык көз жаштарын төгүштү. Ал көз ирмемди сүрөттөп мүмкүн эмес. Ата-бала кучакташып жүз көрүшүп аткан кезде генерал Абдыбек аганын көз жашы жана каргылданган үнү менен «колдогонуңарга рахмат, баарыңарда жакшылык болсун, эч кандай кырсык болбосун, Кудай сактасын силерди, рахмат силерге!» дегени келген элди дагы бир ирет көз жашылатты. Учурдан пайдаланып, Мурат Суталиновдун эркиндик деминдеги эки ооз сөзүнө кулак төшөдүк:

– Мени соттун чечими таңгалдырды, сөз таппай турам… Бүгүн чыгарарын ойлогон эмесмин. Күтүүсүз болуп кетти. Ушу бүгүнкү күнгө чейин үмүттөрүн үзбөй колдоп келген адамдарга ыраазычылыгымды айтам. Мени аябай көп кишилер кечиришти, рахмат, мен аларга өмүр бою карызмын. Жүрөгүм менен сезип атам. Жараткан мага канча өмүр калтырса, ошону татыктуу жана туура жашоого жумшайм. Сотто да жабыр тарткандардын энелеринен кечирим сурагам. Өзүмдүн моралдуу күнөөмдү азыр да сезип атам, мурун да бир канча жолу айткам. Трагедиялуу окуяларды токтотконго күчүм жетпеди. Бул үчүн азыр да бүткүл кыргыз элинен кечирим сурайм. Эми саламаттыгыма кам көрөм. Эч бир чет мамлекетке чыкпайм, бу жердеги онкология борборундагы доктурлардын деңгээли мыкты деп ишенем. Анан дагы бир жолу кошумчалап айтып коёюн, соттон ушундай акыйкат чечими болорун күткөн эмесмин. Анткени, буга чейин болгон эмес. Канчалаган адамдар меникиндей тагдыр менен абакта жатышат. Бүгүнкү соттун чечимине ыраазымын!

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: