Menu

Министр Жунушалиевге өздүк курам нааразы болууда

Бөлүшүү:

Кайсы гана тармактын башындагы жетекчи болбосун, ал кызматкерлерине күйүмдүү болушу шарт. Тилекке каршы, ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев өткөн айдын соңунда Жогорку Кеңештен милиция кызматкерлери 8-12 миң айлыкка жашаса болорун айтып, катуу жаңылды. Тескерисинче, айлыкты көтөрүү боюнча маселе козгоп, караңгыдан жол тапкандай идеяга ортоктош болбойт беле? Алгач биз байкаган эмеспиз, учурда болсо дээрлик өздүк курамдын басымдуу бөлүгү министрдин ошол сөзүнө нааразы болушканы, карапайым кызматкерлер каржылык жактан кыйналып жатышканы белгилүү болду. Анан кантип коррупция күчөбөсүн? Натыйжада, күндөн-күнгө Жунушалиевдин кадыр-баркы түшүп баратканы, орун басарлары менен да мамилеси сууганы, коомдук коопсуздук абалга көзөмөл анчейин эместиги, айтор, ИИМдин ичи «ирий» баштаганы эмнеден кабар берет? Эгерде мындай алешемдиктер улана берсе, кыргыз милициясын жоготуп албайбызбы? Дагы бир жагдай, Жунушалиев ИИМдин буйруктарын чыгарууда кечиктирип, жумалап, айлап басып жатканы кандай? Кадрлардын профессионалдуулугуна эмес, «өз көмөчүнө күл тартууга» басым жасап, аукционго айлантып, соода кылып жатабы?..

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: