Ошто «кайнисинин 2 жаштагы баласын шымына сийип салгандыгы үчүн сабаган» деп шектелген 30 жаштагы келин тергөө абагында төрөдү. Бул тууралуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, тергөө иши бүткөн, бирок келиндин соту баштала элек.
«Шектүү бир ай мурун эркек бала төрөгөн. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Айын ишин Ош шаардык соту карайт. Бирок, сот отурумунун күнү белгилене элек» деп билдирет басма сөз кызматы.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ