Menu

Дымактуулар зам эмес, сам болгусу келишет

Бөлүшүү:

Майлуу кызматта жүргөндөрдүн амбициясы аттын башындай болору белгилүү. Жаралган кырдаалдан улам кызматтан чегингендер улам кыбырай башташты.

Алмаз Акматалиев, Абдыганы Эркебаев, Мавлян Аскарбеков, Өмүрбек Суваналиевдерге азыркы бийлик парпыратып жарыгын чачты акыры. Анткени булар бир ишке жарап берери күмөндүк жаратпайт. Карыса деле бир улакты же козуну жара тартууга жарап коюшат, чынбы? Демек, кыйладан бери ак үйдү көз талыгыча карагандарга четинен кызмат бериле баштады. Камактагылары болсо эркиндикке чыгышып, текирең таскак оюндарын салып жатышат. Тимеле мурда адал иштерди жасап жүргөндөй күпүлдөшөт оңбогурлар.

Кийинки учурда Ички иштер министрлигине улам чап салып турган сайттар басыгын ылдамдата баштаганы эмнеден кабар берет? Албетте, Кашкардын ордуна жүрөгүндө жалы бар генералдар кезек күтүп турушат деген белгини жаркылдатканы бекерден эмес. Маалымат каражатынын таасири укмуштай экенин кана ким тана алат? Ошол үчүн олигархтар телени, гезитти, сайтты качыра салып турганы ошондой аргументти камтып турары калетсиз. Маселен, Катанини улам жаза беришип, коопсуздуктун чоңунун орун басары кылышты. Бирок, зам болгондон көрө сам болгону жарашат деген кыялдарын ишке ашырууга катуу чебелектеп жатышат. Ошентсе да иштин чоо-жайын андан мыкты билген Сүйүн Өмүрзаковдун ташы
тигиникинен кыйла салмактуу. Анын үстүнө ал тынымсыз иштеп келатат жооптуу кызматтарда.

Башкаларга окшоп сегиз жылдап бош отуруп калган жок. Эгер бийликтин көзү түз болсо катаал тармакка эмгек жамаатына жаккан, каруусун казык кылып каккан Сүйүндү жетекчиликке алып барса маселе абдан калыстык менен чечилди деген кепке арзымак. Тилекке каршы жетеленме бийлик жел жүргөн тарапка мурдун тосуп, жарактуусун эмес күн карамасын эпчилдердин шыкагы аркылуу канааттандырып коюп жатпайбы, атаганат! Мындай учурда элдин ишине жарактуу кадрлар четте сүрүлүп калып, ортодо нааразычылык пайда болгону да жөн жерден эмес. Учурда жетекчиликке генерал Өмүрзаковдон артык кадр болбой турганын деле сөзүбүзгө кыстара кетсек айыбы жоктур?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: