Бүгүн, 9-майда Россиянын президенти Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштун 74-Жеңиш күнүн Москвадагы Кызыл аянтта Казакстандын биринчи президенти, Элбасы Нурсултан Назарбаев менен бирдикте аскер парадын кабыл алуу менен белгилеп жатат. Ал жерге чакырылган согуш ардагерлерин Путин, Назарбаев жана премьер-министр Дмитрий Медведьев куттукташты.
Белгилей кете турган нерсе Нурсултан Назарбаев Кремлдин алдындагы майрамдык салтанатта көкүрөгүнө Путин менен Медведевдей Георгиев лентасын такпай, Казакстандын герби түшүрүлгөн лента тагып чыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ