Menu

Сайдулла Нышанов, “Ата Мекен” фракциясынан ЖК депутаты: “Статкомдун маалыматтарында 20-30 пайызга чейин так эместиктер бар”

Бөлүшүү:

– Сайдулла Канболотович, биздин статкомитеттин маалыматтары так эместигин айттыңыз. Эмнеден улам антип ойлойсуз?

– Статистика – бул өлкөнүн багытын, өнүгүүсүн, эртеңки турмушун аныктоочу орган. Тилекке каршы, бизде анын маалыматтары көп учурда чындыкка дал келбейт. Он пайыз өйдө-төмөн болуп калганда деле бизге бир топ проблема жаратышы мүмкүн. Бүт өлкөлөрдө буудай канча гектарга эгилгени, андан орточо канча түшүм алынганы, канчасы кампада турганы так эсептелүү. Бизде болсо айыл өкмөттөрүнөн «канча гектар жерге буудай эктиңер?» деп сураганда, мурунку жылкы статистиканы карап эле андан кем эмес маалымат берип коёт. Себеби, аз болсо «силер иштебедиңер» деп айыл өкмөт башчыларына сөз тийет. Ал эми чыныгы турмуш болсо башка. Ошондуктан, биз баардык нерсенин туурасын айтышыбыз керек. Кудай сактасын, бирок табигый кырсыктар болуп калса, же дүйнөдө кургакчылык болсо, ошолорго даяр турушубуз зарыл. Негизи эле жашоодогу эсептерди чыгарганда маалыматтар так болушу кажет. Бизде, тилекке каршы, башаламандык болуп, жылына аз-аздан кошулуп эле келатат. Мисалы, идентификациядан улам биз малдын санын биле баштадык. Алардын саны мурун айтып жүргөндөн бир топ эсе көп экен. Малдын санынын тактыгын 97-98 пайызга алып келдик. Башка багыттар боюнча дале маселе бар.

– Статкомго элдин ишеними анчалык эмес экени жашыруун эмес. Эгер так маалымат бере албаса, ушундай органды кармап, бюджеттин эсебинен каржылоонун зарылдыгы барбы?

– Мамлекет болгондон кийин мындай орган керек. Бирок, алар талаптагыдай иштебей жатышат. Бишкекте отурган кээ бир органдар региондорду кыдырып, бир айыл өкмөттү барып көрүп, ошол жердеги адистер менен сүйлөшүп, канча кой, канча жылкы, канча айдоо, канча кайрак жер бар (?) деп так эсебиң алып келсе болот да. Буларда андай иш жок. Кабинетте отуруп эле даяр кагаздарды чогултуу менен алек.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: