Menu

Сойкулук күчөдү, ар кандай сексуалдык агымдар улут курутка алпарабы?

Бөлүшүү:

«2019-жылкы кылмыш-жаза кодексинин 26-главасында 164-беренеден 168-беренеге чейин толугу менен сойкулукка арналганы кашкайып жазылып турат. Мурункуга караганда жазалар күчөтүлгөнүн адистер айтышууда. Анткен менен сойкулук маселеси азаймак тургай, күн санап күч алууда. Мына ушул жагдайда коомго белгилүү айымдарыбыз сойкулук тууралуу өзүлөрүнүн ой-толгоосун ортого салышты.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

– Ооба, акыркы учурда сойкулук маселеси күн сайын күч алууда. Мындай жагдайга түрткү болуп аткан көптөгөн факторлор бар. Алардын баарын атап отурса сан жетпейт… Мен бир-эки жагдайга эле токтолоюн. «Улуу көч кайда барса, кичүү көч ошол жакка барат» дегендей, өзүбүздүн бийлик башындагы эле адамдардын жүрүм-турумдары калган элге үлгү болуп атпайбы. Алсак, ошол эле көп аял алган кимдер? Бийликке, байлыкка чиренген депутаттар, ошол эле молдоке сөрөйлөр. Бийлик башындагы адамдар өзүнүн мансабынан пайдаланып, жашыруун бизнесин өркүндөтүп атышат. Анын ичинде сөзсүз түрдө саунасы, конок үйү бар. «Ислам дини 2-3 аял алганга уруксат берет» деп коюшуп, биздин молдоке сөрөйлөрүбүздө да болбоду дегенде эки же үчтөн аялдары бар. Жакында эле элге төбөсү көрүнүп калган бир молдокебиздин жоругун угуп алып, төбө чачым тик турду. Ал татынакай болгон бир кызды «бузуп», «мен аялдарыма талак берип келдим. Сага нике кыйып, 2-3 саатка шарияттын жолу менен үйлөнөм» деп нике кыйдырып, чындап эле 2-3 саатан кийин «талак!» деп үч жолу айтып, айдап отко салыптыр. Эми ушул кантип болсун?! Сойкулукту карапайым эл кылбайт, мына ушуга окшогондор кылат. Кыздарды бузат. Анан ал кыз эмне кылат? Айласыздан сойкулук жолуна түшөт. Ошон үчүн бизде «Балык башынан сасыйт» деп бекеринен айтпайт. Биринчи кезекте бийлик башындагы депутаттан баштап, молдоке сөрөйлөр өздөрү биринчи тазаланышса. Менин бул сөздөрүмө чала молдолор терикпей эле коюшсун. Бирдеме болсо эле «биз эки аял алдык, экөөнө тең бирдей мамиле кьшып, эки шакек, эки жоолук, эки штан, эки наң алып бердик» дешет. А сүйүү сезимичи?! Жүрөк бир, ал эч качан экиге же үчкө бөлүнө албайт. Мына ушуну алар кантип түшүндүрө алышат? Түшүндүрө алышпайт! Албетте, жогоруда мен сойкулуктун башатын эркек тарапка оодарып, ошол жакка басым кылып койдум. Бирок, кыргызда дагы бир «Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт» деген сөз бар. Анын сыңарындай, биздин кыздарыбыздан да кетип калат. Ага азыркы илим менен техниканын өнүгүшү себеп болууда. «Интернет-сойку» деген чыккан. Татынакай кыздарыбыз денесин сатып күн көрүп атышат. Кошуна Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанда бул жагын мамлекет катуу көзөмөлгө алып турат. А бизде бул нерсе жокко тете. Диний мектептердеги кыздарыбыздын абалын текшерген жан жок. Биздин учурда мектептин 8-9-10-класстын окуучу кыздарын доктурлар текшерип, көзөмөлгө алышчу. А азырчы? Андайды эч бир жерден көрбөй атам. Бир сөз менен айтканда, демократия демократиясы менен а мамлекеттик деңгээлде катуу тартип, катуу көзөмөл болуусу сөзсүз керек.

Бүбүсара Рыкулова, «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси:

– Сойкулук менен алектенген кыздар көбөйдү, биз муну моюнга алышыбыз керек. Мунун тамыры кайдан болуп атканын бир аз чечмелегенге аракет кылайын. Мындай нерсе илгери биздин ата-энелерибиздин тушунда деле болгону айтьшат. Бирок, сейрек кездешип, жабык түрдө экен. Биздин кыргыздарда эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө болуп келгенин билебиз. СССРдин тушунда мыйзам катуу болгондуктан, сойкулуктун ачык формасы жокко тете эле. Ал эми азырчы? Азыр ачык, жабык, түрдүү формалары бар. Биринчиден, региондордон мектепти бүтүп келген кыздарыбыз «окуйлу, окууга өтпөй калсак иштейли» деп борборго келишет. Айылда катуу кармап, эшикке чыгарбай, көзөмөлдө болуп келгендер бу жерден «эркиндикке чыктык, бош болдук» дешип, өздөрүн кенен сезип, «алдырар күнү жаздырар» болуп алданып, боюнда болуп калат. Ал бала таштап кетет. Кыз эмне кыларын билбей көчөдө калат. Баласын төрөп бирөөгө берет же балдар үйүндө калат. Ошону менен «жолум ачылды, болору болду» деп турмушка таарынып, сойкулукка кирип кетет. Экинчиси, үйдөн жеткиликтүү тарбия албай, коомчулукта өзү теңдүү кыздардын жакшы кийим кийип, кымбат баалуу ресторанда шарактап жүргөнүн көрүп, «а эмнеге мен андай эмесмин?» дегенсип, акыры сойкулук жолуна аттанат. Үчүнчүсү, бул эгемендикти алган алгачкы мезгилге туш келет. Жашоо шарт оорлоп, айласыздан сойкулук жолду тандап алгандар. Төртүнчүсү, жогоруда кыздарга тиешелүүсүн айттым. Эми эркектерге да тиешелүүсүн айтпай кетпесем болбойт. Региондогу аксакал кишилер пенсиясын алып, атайын шаарга «бир жыргап алайын» деп жөнөшөт экен. Небересиндей болгон кыздарга барып атканда бир саамга ойлонушса, напсилерин, ычкырларын тыйышса…

Гүлзат Алиева, философия илиминин кандидаты:

– Теңир ишенимин расмий каттоо аркылуу сойкулукка бөгөт кылса болот. Анткени, миңдеген жылдар тарыхы бар кыргызда сойкулук, бачабаздык, лезбилик болгон эмес. Империя түзгөн улуу элдин улуттук көрөңгөсү менен уюткусуна негизделген идеология керек. Нарктуу жана салттуу элде «адеп», «кыз адеби» деген түшүнүктөр өзгөчө мааниге ээ.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: