Menu

Бусурманкул Беркутович, сиз Батукаевди чыгарууда негизги ролду ойнодуңуз беле?

Бөлүшүү:

Кыргыз жигиттерин кордогон, далайын өлтүргөн Азиз Батукаевдин жалган диагноз менен түрмөдөн чыгып кетиши намысыбызды тебелеген болчу. Буга Атамбаевдик бийлик жол берген. А кимдер салым кошкон? Ошол кездеги коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, түрмөлөрдүн башчысы Зарылбек Рысалиев, акыйкатчы Турсунбек Акундун аттары коомчулукта өзгөчө айтылып, айыпталып атканы боюнча баа берилеби? Бул жагынан күч органдары дыкат иликтөө иштерин жүргүзүшүп, кимдердин күнөөлөрү бар экенин тастыкташ керек. Учурда З.Рысалиев менен Т.Акун өз чындыктарын айтышууда. Ал эми Б.Табалдиев тымпыйып отурат. Андыктан, биз бу кишиге суроо салалы: – Урматгуу Бусурманкул Беркутович, сиз Батукаевди чыгарууда негизги ролду ойноп, чечендин чоңдору чалса сүйлөшүп, жогору жактан «мыйзамдагы уурунун» түрмөдөн чыгып кетиши туурасында буйрук бердиңиз беле? Батукаев камактан бошосо, Жаныш Бакиевди чөгөлөтүп туруп кармап келерин айттыңыз беле? Ошол тушта сиз жооптуу кызматты аркалап тургансыз, дал ушул «операцияга» катышкандар чечендерге алданып, 100 миңдеген жасалма долларларды алышканы ыраспы?..

Бул суроолорго Бусурманкул Табалдиев жооп узатса, гезит бетинен орун берилет. Өлкөбүздө азыр Азиз Батукаевге байланышкан курч кырдаал түзүлдү. Коомчулук нааразы болуп турат. Албетге, аны бошоткондор кимдер экенин эл билиши керек, о.э. мамлекеттик чыккынчылар мыйзам чегиндеги жоопко тартылышы зарыл!

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: