Menu

Видео – Жалал-Абаддагы өрттөн эки киши жабыркады

Бөлүшүү:

Облустук ооруканадан “Азаттыкка” билдиришкендей, өрт өчүрүүчү, Сузак районунун 24 жаштагы тургуну денесинин 50% күйүп, облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Абалы оор. Экинчи өрт өчүрүүчүнүн бети күйүп калып, ооруканага жеткирилген.

Өрт чыккан жерде эки “Тез жардам” жана бир реаномобиль кызматынын автоунаасы күзөттө турат.

Ал эми ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, өрттү өчүрүү үчүн 350 литр көбүк колдонулду, кошумча дагы 500 литр көбүк иштетилет:

“Өрт чыккан жерде өрт өчүрүүчү үч бөлүм иштеп жатат. Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын Жарандык коргонуу кызматынан кошумча күч, каражаттар тартылды”.

Азырынча өрттүн эмнеден улам тутанганы жана жалын чалган аянттын көлөмү аныктала элек.

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишкана өрттөнүп жатканы тууралуу кабар 10-май күнү, саат 10:00 чамасында келип түшкөн.

Шаардын бул аймагы өнөр жай тармагы болуп саналат жана сегиз нефтебаза жайгашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: