Menu

Төрөбаев “дары” издөөдө, дагы эле айыга албай атабы?

Бөлүшүү:

Айтылуу «Тракторбек» жаз келгенде анча-мынча элетке чыгып, опулдап калчу эле. Быйыл негедир табы начар. Баягы экс-ажо берген «дары» деле эм болбогон окшойт. Басыгы да жайлап, күйүгүп да калмайы бар экен. Дегеним, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо жакындаган сайын бир топ эл өкүлдөрүнүн жүрөгү дүкүлдөп атат. «Кандай кылсак депутаттык мандатка жетебиз» деп баш катырышып. Алардын арасында жогоруда биз сөз кылган башкы «тракторист», «айтылуу» Бакыт Төрөбаев да бар. Бакыт Эргешович өзү аздектеп айта жүрчү Курманбек Бакиевдин «Ак Жол» партиясы менен Жогорку Кеңештин босогосун аттап, саясаттын «даамын» таткан. 2010-жылы «Республика» партиясы менен келди. 2015 -жылы өзү түптөгөн «Өнүгүү» партиясы менен келген. Үч ирээт тең аны тагдырдын тайгүлүгү алтын така менен тепкилеп атып, ЖоКеге алып келди. Эми ал «тайгүлүк» ташыркап туру. Мындан улам, саясый салмагынан кыйла арылып кеткен чамасы чак Бакыт мырза 2020-жылы кандай кылсам деп башы катып турган маалы. Ал ортодо шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү да демилгелеп жиберди. Анан ою боюнча шайлоочулардын 7 пайыздык чени көп болуп калып атыптыр, аны 5 пайызга түшүрүү керек экен. А шайлоого өзгөртүү эчак эле кирип, 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун барьери 9 пайыз болгонун Эргешович эсинен чыгарып салган өңдүү. Эске алсак, Бакыт Төрөбаев башында турган «Өнүгүү» партиясы 2015-жылы канчалаган белдүү жигиттерди бетине кармап, каражатты эсепсиз чачып атып 8,12 пайыз добуш менен араңдан зорго ЖКнын босогосун аттаган. Демек 2020-жылда өтө турган шайлоодо 9 пайыз добуш алышы күмөн. Эми Эргешович эс ала берсе болот. 3 жолу удаасы менен депутат болду жетет да. Же эмне Жогорку Кеңеш Бакыт Төрөбаевдин менчиги беле? Андан көрө ажолордун «дарыларын» ичип, Өмүрбек Бабанов айтмакчы «тракторду жакшы айдаганды» үйрөнсүн да.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: