“Фабула пресс” гезитинин 2018-жылдын 11-сентябрдагы санына чыккан “Данияр Абдыкаров Камчынын алдында тизе бүктүбү?” аталышындагы маалымат жана коллаж чындыкка дал келбей турганын расмий төгүндөйбүз. Андыктан ал кезде такталбастан чыгып кеткен маалыматтагы кемчилик үчүн кечирим сурап, Данияр Сатарбаевич Камчы Көлбаев менен жолукпаганын, анын алдында “тизе бүкпөгөнүн” билдиребиз. Ошондой эле Данияр Сатарбаевичтин өзүнүн жана ИИМдин беделине көлөкө түшүрчү иштен алыс экенин, анын дарегине карата “ит атар”, “косяк”, “жосунсуз” деген сөз айкаштары туура эмес колдонулганын кошумчалап, бул сөздөрдүн ага эч тиешеси жоктугун белгилейбиз…
Белгилей кетчү жагдай, Данияр Сатарбаевичке байланыштуу маалымат чыккандан көп өтпөй “Фабула пресс” гезити дээрлик 3 айдан ашык жарыкка чыккан жок. Гезиттин ээлери алмашып, редакциялык саясат өзгөрүп, гезит 2019-жылдын 1-февралынан баштап жарыкка чыгып баштады. Андыктан гезиттин аталышын алып жүргөндүктөн, буга чейинки кеткен жетекчилердин кемчилиги үчүн Данияр Сатарбаевичке жаралган ыңгайсыздыкты сезип ак чөп башта деп кечирим сурап, тактоо киргизебиз…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ