Menu

Батукаев баш ооруга айланганда…

Бөлүшүү:

Журналисттер, коомчулук Батукаев башпаанек алып өлкөдөн чыгып баратканда “акыры жакшы болбойт, чыгышы шек жаратып калды” деп кыйкырып чыкканда эле иш күч менен басылып калган. Анын да себеби болуш керек. Азыр баатыр болуп бакылдап, кеткен бийликке жугунду куюп жаткан азыркы билермандардын бири да ошол кезде лам деп ооз ачкан эмес. Ал тургай азыркы бийликтин шыпырындысында жүргөн Турсунбек Акун да “Батукаев мыйзамдуу чыкты” деп булбулдай сайраган. Калп-чынын ким билсин, бирок “Батукаев Турсунбек Акундун кызматы үчүн жасалма 200 миң доллар берип кетиптир, кийин алган акчалары жасалма экенин көргөн Акун жер чапчып ыйлаптыр” деп ошондо эле айтышкан.

Эми болсо Батукаевдин иши менен жалгыз доктурду камап коюшту. Эсибизге жара чыкпаса, 2013-жылы андагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов мырза Манас аэропортуна барып, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун эң ишенимдүү адамы менен ал учуп келген чартердик самолеттун ичинде кенен баарлашып чыкканын негедир азыркылар эстегиси келбей жатат. Дал ошол жолугушууда Азиз Батукаевдин тагдыры чечилип, ага эркиндик берүү процедурасы башталганын айтышат. Ал кездеги Бабановдун эң жакын адамдары бийликте болуп, ИИМ, ГСИНди кармап турганын эске алсак, бул жоромолдо чындык үлүшү арбындай. Негизи эле криминалдык чөйрөдө белгилүү, коомчулук тыкыр көз салып турган жаза өтөп жаткан адамды ал кездеги бийлик чыгарууга кызыкдар болгон бул табышмак али чечиле элек. Азырынча Батукаев туура чыкты деп кыйкырып жаткан Турсунбек Акун камалганда гана баары ачыкка чыкчудай.

Ошондой эле бул окуяда ошол кездеги күч тармактары боюнча вице-премьер министр Шамиль Атаханов менен УКМКны жетектеп турган Бусурманкул Табалдиевдин орду өзгөчө чоң экенин белгилеп коюш парз. Чынында экөө тең Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча ишке байланыштуу кызматтарынан айрылышкан. Ал кезде коомдо талкуу күч болуп, ошол кездеги президент жана өкмөт катуу сынга кабылып, алардын бул ишке түздөн-түз тиешеси болгон деген пикирлер айтылган. Натыйжада, Атамбаев президент убагында мурдагы вице-премьер министрди айыптаган. Тактап айтканда: “Соттон чыккандан кийин эле кетип калганы суроолорду туудурат. Прокуратура кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатат. Менимче бул жерде мурдагы вице-премьер министр Шамил Атаханов кемчиликтерди кетирген” – деп айткан жайы бар.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: