Menu

Фото – Министр Улукбек Кочкоров жана EeeGroupGmbH компаниясынын директору технологиялар, инновациялар жана санариптештирүү тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Бөлүшүү:

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана EeeGroupGmbH компаниясынын директору Стефан Дюсс технологиялар, инновациялар жана санариптештирүү тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жылды Региондорду  өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп белгилегендиги тууралуу  маалымат берди. Буга ылайык учурда баардык мамлекеттик органдар калктын күнүмдүк жашоосуна жаңы технологияларды киргизүү жаатында иш-аракеттерин жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.

Улукбек Кочкоровдун айтымында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда мамлекеттик кызматкерлер менен жөнөкөй жарандардын ортосундагы байланышты болушунча айзайтуу керек. Бул коррупциялык элементтерди жокко чыгарууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле, мамлекеттик органдар аралык маалымат алмашуу мамлекеттик кызматтарды алууда керектелүүчү документтердин санын азайтат.

 “Учурда Министрликте социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы иштөөдө, бирок тилекке каршы, бул система бизге коюлган тапшырмаларды толугу менен автоматташтырылган багытта иш алып барууга мүмкүнчүлүк бербейт. Силер бизге жардам көрсөтүүгө кызыктар болгонуңуздарга ыраазычылык билдиребиз. Министрлик долбоорлор ийгиликтүү ишке ашуусуна бардык күч аракетин жумшайт”, – дейт министр.  

Өз кезегинде Австриянын Казахстандагы, Кыргызстандагы, Таджикистандагы жана Туркменистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси д-р Герхард Сайллер Министрликтин иштөө тартибин автоматизациялоо боюнча колдоо көрсөтүлөөрүн айтып өттү.  

Эки тараптуу кызматташуунун алкагында төмөнкү долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда:

–              ЭСӨМдүн учурдагы башкаруу системасын модернизациялоо жана оптимизациялоо;

–              ЭСӨМгө окутуу жана билим берүү борборун түзүп берүү;

–              Кыргыз Республикасынын муктаждыктарына ылайык изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана реформалоо;  

–              изилдөө борборлорун түзүү;

–              ЭСӨМдүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү;

–              ички байланыш, кызматташтык боюнча чечимдерди иштеп чыгуу.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: